Анкарадагы симпозиумге Жогорку соттун төрайымы катышып, кыргыз сотунун өнүгүү жолдорун айтты

Анкарадагы симпозиумге Жогорку соттун төрайымы катышып, кыргыз сотунун өнүгүү жолдорун айтты

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Анкара шаарында өткөн «Апелляциялык соттордогу алдыңкы тажрыйбасы» аталыштагы эл аралык симпозиумге катышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, симпозиум Түркиядагы 2021-2022 Сот жылынын ачылышынын алкагында өтүп жатат. Иш чарада дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн келген жогорку сот органдарынын төрагалары жана прокурорлор соттордун өз ара кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу туурасында баарлашкан. Катышуучулар Апелляциялык соттордун артыкчылык принциптери боюнча пикир, сунуштарды ортого салып талкуулашкан.

Симпозиумду Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа ачкан. Андан соң катышуучуларга сөз берилген. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага сөз берилгенде, ал Сот-укуктук чөйрөдө тажрыйба алмашуу үчүн жакшы аянтча болгон мындай симпозиумдарды, конференцияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, жогорку соттордун ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө салымын кошот деген ниетин билдирип, кыргыз сотунун өнүгүү жолдоруна токтолгон:

— Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө сот тутумунун көз карандысыздыгын бекемдөө, ачыктыгын камсыз кылуу жана анын ишин жакшыртуу максатында сот системасын санариптештирүү кызуу жүрүп жатат. Өлкөнүн сотторунда судьялардын ишин автоматташтырууга багытталган жаңы маалымат системасы, аудио жана видео жаздыруу, ошондой эле автоматташтырылган маалымат системасы  ийгиликтүү иштеп жатат. Жаңы санарип технологияларды колдонуу жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин эффективдүү коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун ачыктыгын камсыз кылат жана өндүрүштү тездетет.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү Нургүл Бакирова Түркия мамлекетинин президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышкан Түркиядагы Кассациялык соттун ачылыш аземине катышкан. Андан кийин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Манастын айкелинин ачылыш аземине катышкан.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.