ИИМ: «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү сыйланды»

ИИМ: «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү сыйланды»

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын начальниктери, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана кеңештин мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда билдирди. 

Алардын айтымында, бүгүн ИИМдин Борбордук аппаратында өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган ИИМдин Коомдук кеңештинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, анда кеңештин мүчөлөрүнө ИИМдин түзүмдүк медалдары тапшырылды. Сүйүн Өмүрзаков 30 жылдык маареке менен куттуктап, жасап жаткан эмгектерин баса белгилеп өттү.

Алгач, коомдук кеңештин жалпы жамаатын эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен ички иштер министри Улан Омокановичтин, коллегия мүчөлөрүнүн, жалпы ардагерлердин, өздүк курамдын жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!

Ички иштер министрлигиндеги Коомдук кеңештин бүгүнкү күндө жасап жаткан иштери абдан көп жана маанилүү. Коомдук кеңеш милиция менен элдин ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого салым кошуп, натыйжалуу кадамдарды жасап, ички иштер органдарынын мындан аркы ишмердигин өнүктүрүүгө демилгелерди көтөрүп келүүдө. Анын ичинде, милициянын көчмө кабылдамаларынын элге сервистик тейлөө көрсөтүүсү боюнча, алыскы аймактарда калктын укуктук тартибин чыңдоо, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердигин күчөтүү, коронавирус илдети күчөп турган учурда милициянын моралдык жана руханий жактан колдоо, чек ара окуяларында коопсуздукту камсыздаган жана жаракат алган кызматкерлерди колдоо боюнча жана башка ушуга окшогон бир катар иштерди жасап келүүдө. Мен муну эмне себептен айтып жатам, анткени коомдук кеңеш эл менен милициянын ортосундагы көпүрө болуп, өзүнүн багытын ички иштер органдарынын ишмердигин сындабай, тескерисинче ишмердигин чыңдоого арнагандыгы баарына белгилүү. Мен ойлойм, коомдук кеңеш менен бирге мындан ары да ички иштер органдарынын реформалоодо, оптимизация иштерин алып барууда, элге жана кызматкерлерге шарт түзүүдө чогуу жыйынтыктуу жумуштарды жасап, ийгиликтерге жетишебиз. Эң башкысы ички ииштер органдарын өнүктүрүүдө жана келечегин курууда коомдук кеңештин демилгеси бизге дем берип, мындан аркы кыйынчылыктарды багындырууга жол ачат”,-деди Сүйүн Өмүрзаков.

Ялкун Даутов маанилүү майрамда кеңештин мүчөлөрүнө дагы сыйлыктарды тапшыргандарына терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, мындан ары дагы милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдөөдө болгон аракеттерин жумшоого жана ИИОнун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө өз салымдарын кошо беришерин баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.