1-октябрдан баштап пенсияны көтөрүү Жарлыкка президент кол койду. Канча сом кошулду?

1-октябрдан баштап пенсияны көтөрүү Жарлыкка президент кол койду. Канча сом кошулду?

1-октябрдан баштап пенсия көтөрүлөт. Мындай Жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, 4785,4 сомго чейинки пенсияга 200 сом, ал эми 4785,4 сомдон жогорку пенсияга 500 сомдон кошулат.

715,5 миң пенсионердин акчасын көбөйтүүгө республикалык бюджеттен 154,3 млн. сом, ал эми пенсиялык фонддон 830,6 млн. сом талап кылынат.

Эске сала кетсек, 31-августта «Ала-Тоо» аянтында президент Садыр Жапаров сүйлөп жатып, ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсия, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмү (2021-жылдын 1-октябрынан баштап 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогоруларын) көтөрүлөрүн билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.