Түркияда Манастын эстелиги тургузулду. Ага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова катышты

Түркияда Манастын эстелиги тургузулду. Ага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова катышты

Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркия мамлекетинин Анкара шаарында Манастын эстелиги тургузулду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, айкелдин ачылыш аземине Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова катышты. Төрайымды Түркиядагы Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев тосуп алды.

Айкелди орнотуу демилгесин элчи Кубанычбек Өмүралиев көтөрүп, элдин колдоосуна ээ болгон. Эстеликти Кыргызстандын скульпторлору жасашкан.  Айкел жез темирден жасалып, бийиктиги алты метрди түзөт. Ал эми астындагы негизди кошкондо 10 метрден ашат.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

5 thoughts on “Түркияда Манастын эстелиги тургузулду. Ага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова катышты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.