Келдибековго карата чыккан сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, иши кайра каралмай болду

Келдибековго карата чыккан сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, иши кайра каралмай болду

Салык кызматынын мурдагы жетекчиси, Социалдык фонддун мурдагы төрагасы, экс-спикер Акматбек Келдибековго карата чыккан бардык сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши кайра каралмай болгонун угуп, Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиевага кайрылып тактадык.
Изати Шүгүралиеванын айтымында, Акматбек Келдибековдун соттук иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу өтүнүчү канааттандырылып, прокуратуранын корутундусу эске алынган. Анын кылмыш ишин кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
2021-жылдын 18-августундагы Жогорку Соттун токтому менен Акматбек Келдибековго карата Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмдөрү жана Жогорку Соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы токтому жокко чыгарылган»,-дейт И. Шүгүралиева.

Келдибековго козголгон иштер…

Эске сала кетсек, Акматбек Келдибеков 2013-жылы Жогорку Кеңеште («Ата-Журт» фракциясынан) депутат болуп турганда, ага «коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, камалган. Ошол жылы Башкы прокуратура «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча ага кылмыш ишин козгоп, «2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллионго жакын сомун негизсиз короткон» деген айып койгон. Спикер кезинде ага «Москвада Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн ачканы үчүн» күнөөлүү деп табылып, «мамлекетке 3 миллион сом айыппул төлөсүн» деп милдеттендирилген. Ушул эки иш боюнча Башкы прокуратура соттон анын үй-мүлкүн тартып алып,  күчөтүлгөн режимде 10 жылга кесүүнү суранган.​ Аны алгач УКМКнын тергөө абагына камашып, кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарышкан.

Бишкек шаардык соту Келдибековго 10 миллион сом айып пул салган. Бул сумманы ал мамлекетке толугу менен төлөп берген.

2019-жылы Нур ТВ (ээси Акматбек Келдибеков) телеканалы Курманбек Бакиевди мактаган, жактаган тасманы көрсөтүшкөн. Ал кадамы боюнча ал УКМКга чакыртылып, эскертүү алган. Толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Белгилей кетсек, быйыл «Токио 2020» Олимпиадасына катышкан спортчуларды резиденцияда сыйлоо аземинде Кыргыз Федерациясынын оор атлетикасынын президенти Акматбек Келдибеков да Ардак Грамота менен сыйланган. Аны бир кездеги досу, президент Садыр Жапаров тапшырган.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.