Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Стамбул шаарында Султан Раев менен жолукту

Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Стамбул шаарында Султан Раев менен жолукту
Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев менен жолугушту. Жолугушуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин штаб – квартирасында болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Нургүл Бакирова түрк элдерин бириктирген аталган кеңештин жасап жаткан иштерин жогору баалап, дүйнө жүзүндө түрк мамлекеттеринин ролу жана орду өзгөчө экендигин баса белгилеген.

Төрайым буга чейин  Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа менен болгон эки тараптуу жолугушууда түрк тилдүү мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү демилгесин билдирген. Түрк тарап Нургүл Бакированын мындай демилгесин колдой тургандыгын айтышкан. Бул туурасында Султан Раев да пикирин айтып, Жогорку соттун төрайымынын демилгеси колдоого арзый тургандыгын билдирди.

Аталган кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгрия өлкөлөрү кирет. Түрк Кеңеши, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши  азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм. Анын башкы максаты мүчө мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат. Түрк Кеңешинин жооптуу катчысынын жардамчысы Султан Раев комитетке мүчө уюмдардын ортосундагы координациялык иштерди көзөмөлдөйт.

Белгилей кетүүчү жагдай, Түрк Кеңеши ТүркПА, Түрк Академиясы, ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы фондун координациялоодон сырткары түрк дүйнөсүнүн билим берүү, жаштар жана спорт, экономика, транспорт, бажы, туризм, диаспора, коммуникация, медиа жана информация тармактарында координациялык иштердин уюштурулушу, бул тармактардагы кызматташтыктын өнүгүшү, ар бир тармакта уюмдашуунун жүрүшү маселелерин жүргүзүүгө аракет кылууда.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү Бакирова Стамбул шаарындагы Чамлыджа мечитинде болгон.

Кечээ, 2-сентябрда Нургүл Бакирова Түркия мамлекетинин президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышкан Түркиядагы Кассациялык соттун ачылыш аземине, андан кийин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Манастын айкелинин ачылыш аземине катышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.