Элчинин уулу Руслан Бекназаров депутат болууну пландап жатканын жарыялады. Татыктуубу?

Элчинин уулу Руслан Бекназаров депутат болууну пландап жатканын жарыялады. Татыктуубу?

БШК: «Бир мандаттуу аймактардан катышчу талапкерлердин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат»

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы (ага 29-августта кол койгон) менен парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Жаңы конституциялык мыйзам боюнча, депутаттардын саны кыскарган. Парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Бир мандаттуу аймактардан катышчу талапкерлердин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынарын, 10-сентябрга чейин бир мандаттуу аймактар аныкталарын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Руслан Бекназаров депутат болууга татыктуубу?

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийлигинде президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт болуп иштеген, кийин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө башчы болуп эмгектенген, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров депутат болууну пландап жатканын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Ал: «Жалгыз мандаттуу округдан чыгууну пландап жатам. Аксы району. Кеңешиңерди күтөм«,- деп жазды.

Буга чейин Руслан Бекназаров эки жолу коомчулуктун катуу сынына кабылган. Биринчиси «Халифатты», кийин талибандарды колдоосу менен сындалган. Толугун окуйм десеңиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз.

Баш мыйзамда…

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.