Таалайбек Өмүралиев Артем Новиковго сыйлык тапшырган күнү кызматтан кетти

Таалайбек Өмүралиев Артем Новиковго сыйлык тапшырган күнү кызматтан кетти

Коргоо министри  Барыктабасович кызмат ордунан бошотулду. Анын ордуна Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич дайындалды. Мындай Жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, Таалайбек Өмүралиев башка кызматка кеткенине байланыштуу иштен бошотулган.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү Таалайбек Өмүралиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковго мөөнөтүнөн мурда улук-лейтенант аскердик наамын тапшырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.