Элчи Ибрагим Жунусов Андижандагы «Үч муундун жолугушуусу» иш-чарасына катышты

Элчи Ибрагим Жунусов Андижандагы «Үч муундун жолугушуусу» иш-чарасына катышты

Өзбекстандын Андижан, Фергана жана Наманган облустарындагы улуттар аралык ынтымакты жана достукту чыңдоо иш-чараларына Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Ибрагим Жунусов, кыргыз делегациясы (Президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери) катышты. Аларды Өзбекстан Республикасынын Президентинин жарандардын укуктарын коргоо жана кайрылуулар менен иштөө боюнча кеңешчиси, Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Турсинхан Худайбергенов коштоп жүрдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, элчи Андижан облусунда «Үч муундун жолугушуусу» аттуу иш -чарага катышып, 450,000 тургуну үчүн 3 жылдын ичинде бүтүрүүгө пландалган заманбап «Янги Андижан» («Жаңы Андижан») шаарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле ал Маргилан шаарындагы атлас жана адрас, ошондой эле бут кийим өндүрүү ишканасына барып, жергиликтүү продукциялардын көргөзмөсүнө катышты.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.