Мектеп окуучулары үчүн «Ойлоп табам» аттуу окуу пособиеси жарык көрдү

Мектеп окуучулары үчүн «Ойлоп табам» аттуу окуу пособиеси жарык көрдү
Мектеп окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча «Ойлоп табам» аталышында окуу пособиеси жарык көрдү. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) басма сөз кызматы билдирди. 
Алардын айтымында, окуу куралы мектеп окуучуларынын өздүк иши, интеллектуалдык менчикке жана ойлоп табуучулук жигердүүлүккө тиешелүү сабактарга даярданууга, мындан сырткары, ата-энелер менен бирге окуучулардын ойлоп табуучулук ишмердиктин, интеллектуалдык эмгектин натыйжаларын коргоонун ченемдерин жана тартиптерин изилдөөгө арналган.
Авторлор: А. А. Антипов, Е. Л. Богданова, А. В. Ерузалимская, Д.А. Коротышева, Ю.Н. Коротышева, О.Е. Котенева, Т.Г. Максимова, А.С. Николаев, Г.В. Пудкова, Ю.С. Сербиненко.
Кыргызчага которгон: Доранбек уулу Акжол.
Электронный вариант: 
Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.