Жогорку соттун төрайымы Бакирова Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Акаржаны Кыргызстанга чакырды

Жогорку соттун төрайымы Бакирова Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Акаржаны Кыргызстанга чакырды
Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа менен кечээ, 6-сентябрда жолукту. Төрайымды Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев коштоп жүрдү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында эки тарап эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы кызматташтыгы, өз ара байланыштарды бекемдөө жаатында талкуулашкан. Н. Бакирова Түркиянын Сот жылынын ачылыш аземине жана «Апелляциялык соттордогу мыкты тажрыйбалар» эл аралык симпозиумуна катышууга чакыргандыгы үчүн Мехмет Акаржага ыраазычылык билдирип, иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, Кыргызстан менен Түркияны кылымдык тарыхы жана маданияты байланыштырып турарын, эки өлкөнүн  элдеринин ортосундагы терең байланыштар жыл сайын бекемделип жаткандыгын билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, төрайым түрк тилдүү мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү демилгесин көтөрдү. Мехмет Акаржа бул демилгени толук  колдой тургандыгын билдирип, Түркияда өткөн  “Апелляциялык соттордогу алдыңкы тажрыйбасы” аттуу эл аралык симпозиумда жана конференцияларда Жогорку соттун төрайымы өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгүн айтты.

Тараптар эки өлкөнүн  сотторунун  ортосундагы тажрыйба алмашуу достук мамилелерди чыңдоого жаңы дем берип, укуктук кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимдерин баса белгилешти. Аягында бири-бирине белек тапшырышып, эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы  байланыштарды бекемдей тургандыгын билдиришти.

Нургүл Баикрова эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу максатта Мехмет Акаржаны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Эске сала кетсек, 2-сентябрда Нургүл Бакирова Түркия мамлекетинин президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышкан Түркиядагы Кассациялык соттун ачылыш аземине, андан кийин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Манастын айкелинин ачылыш аземине катышкан.

3-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев менен жолуккан. Ушул эле күнү ал Стамбул шаарындагы Чамлыджа мечитинде болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.