Пакистандан 12 миңден ашуун жүргүнчү келгени, алардан канча киреше түшкөнү айтылды…

Пакистандан 12 миңден ашуун жүргүнчү келгени, алардан канча киреше түшкөнү айтылды…

Акыркы убакта оогандыктарга окшош пакистандыктар Кыргызстандын ар кайсы аймактарында, өзгөчө Бишкекте көбөйүп кеткенине кейиген калк кооптонуп, тынчсызданууда. Социалдык тармактарда кызуу талкууланууда… Бул маселе Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде да каралып, депутаттар талкуулашты.  

Акыл КЕМЕЛОВ: «Пакистандыктарды жөн эле киргизип жибергенден абайлашыбыз керек!»

Депутат Акыл Кемелов Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм «Талибан” кыймылынын мүчөлөрү Ооганстандан качып Пакистанда бир нече жыл жашынып жатканын айтып, пакистандыктар Кыргызстанга кандай максатта келгенин дыкат текшерип, коопсуздук жагын эске алуу керектигин баса белгиледи.

«Пакистандыктарды жөн эле киргизип жибергенден абайлашыбыз керек! “Талибан” кыймылы эмнеге жөндөмдүү экенин көрүп атабыз да”,-деп мамлекетке коңгуроо какты.

Депутаттар кесиптешинин бул кебин кубаттап, пакистандыктардын көбөйүшү коронавируска байланыштуу өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурарын эскертти.

«Манас» аэропортунун айтымында…

«Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев Кыргызстанга Пакистандын үч шаарынан — Исламабад, Лахор жана Сиалкоттон 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү туристтик виза менен учуп келгенин, алардан «Манас» эл аралык аэропортуна 540 миң доллар пайда (киреше) түшкөнүн айтып, келгенин себебин түшүндүрдү. “Кыргызстанга келип жаткан пакистандыктар, индустар пандемияга байланыштуу аларга түз каттам менен учуп кетүүгө тыюу салынгандыктан, Кыргызстан аркылуу кетип жатышкан. Дубай эми гана ачылды”,-деди.

ТИМдин айтымында…

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин айтымында, Кыргызстандын консулдук кызматы 1-январдан 1-сентябрга чейин 9917 Пакистандын жаранына туристтик виза берген. Мындай виза алганда каттоого алынбайт, «кирди-чыкты» деген гана мөөр басылат. УКМК карап чыккандан кийин гана виза берилет.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 1-5-сентябрь аралыгында Пакистандын 532 жараны кирсе, 1596 жаран чыгып кеткен.

ИИМдин айтымында…

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, Кыргызстанга кирген 12 миң адамдын ичинде террористтик уюмдарга мүчө болгон адамдар барбы, жокпу маселе боюнча иштеп жатышат. Пакистандыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМ кандай иш жүргүзүп жатканын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.