Ду Дэвэн кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Бакировага ыраазычылыгын билдирди

Ду Дэвэн кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Бакировага ыраазычылыгын билдирди

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Кытайдагы Кыргызстандын Элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту. Бул тууралу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө, Бакирова сот тутумунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда жетишилген жыйынтыктар жөнүндө, сот тутумунда санариптештирүүнү өнүктүрүү, автоматташтырылган маалымат системасын (АМС соту) киргизүү, аудио, видео жазуулар системасы, иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү программасы ийгиликтүү иштеп жаткандыгын билдирген. Ошондой эле ал Кыргызстан сот тутуму үчүн Кытай менен кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири бирдей укук колдонуу практикасын камсыз кылууга салым кошуп, достук мамилелерди тереңдетүүгө, конструктивдүү жана ишенимдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын Кеңешмесинин алкагында өз ара аракеттенүү экенин баса белгилеген. Мындан тышкары, төрайым Кыргызстандын Жогорку соту Кытай Элчилиги менен кызматташтыкты түзүүгө даярдыгын, ШКУнун алкагында кызматташтыкты күчөтүү үчүн бардык күч–аракетин жумшоого даяр экендигин кошумчалаган.

Элчи Ду Дэвэнге сөз кезеги келгенде, ал кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап, эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташтыгына дагы 30 жыл толгондугун айтып, төрайымдын Кыргызстандын Жогорку сотуна чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташуу боюнча баарлашууга кызыкдар экенин баса белгилеп, эки мамлекеттин Жогорку сотторунун ортосундагы ишенимдүү кызматташтык улантылат деген ишенимин билдирди.

Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын Кеңешмеси өз ара тажрыйба алмашууга, укуктук талаадагы мамилелерди мындан дагы жакшыртууга өбөлгө болоорун белгилешти.

Жолугушуунун соңунда, тараптар бири-бирине сый белектерин тапшырып, кеңири кызматташтык жана терең байланыштар улантыла тургандыгын ырасташты.

Эске сала кетсек, 2-сентябрда Нургүл Бакирова Түркия мамлекетинин президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышкан Түркиядагы Кассациялык соттун ачылыш аземине, андан кийин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Манастын айкелинин ачылыш аземине катышкан.

3-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев менен жолуккан. Ушул эле күнү ал Стамбул шаарындагы Чамлыджа мечитинде болгон.

6-сентябрда Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа менен жолугуп, аны Кыргызстанга чакырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.