Ѳмүрзаков милиция эл менен иш алып барууда ачууга алдырбоо керектигин айтты

Ѳмүрзаков милиция эл менен иш алып барууда ачууга алдырбоо керектигин айтты

ИИМдин биринчи орун басары, генерал-майор Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында милиция кызматкерлеринин күжүрмөн-кызматтык даярдыгын, мыйзамдарды ѳздѳштүрүү боюнча билим деңгээлин текшерди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Сүйүнбек Ѳмүрзаков ѳздүк курамга кара күчтү, атайын каражаттарды, ок атуучу куралдарды жана согуштук техникаларды колдонуу эрежелери боюнча нускама өткөн. Анда ѳзү ок атуучу куралдан ок атып бутага таамай тийгизүү менен ок атуу ыкмасын практикалык түрдѳ кѳрсѳтүп берген. Зачетторду алгачкылардан болуп башкармалыктардын, бѳлүмдѳрдүн башчылары тапшырышкан.

Кызматкерлер арасында күжүрмөн даярдык сабактарын күчөтүп, курал колдонуу тартибин кызматкерлерге туура үйрөтүп, мыйзамсыз жорук-жосундарга жол бербөө үчүн кызматкерлердин психологиялык туруктуулугун чыңдоо иштери жүргүзүлсүн. Коомдук коопсуздукту камсыздап, эл менен иш алып барууда ар бир кызматкер элге сылык жана туура мамиле жасап, оройлук, бой көтөрүү, ачууга алдыруу деген жаман сапаттардан алыс болуусу, күнүгө эртең мененки нускамаларда туура жеткирилип, айтылып, бардык жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынып турсун. Куралды жана атайын каражаттарды туура колдонуу жана пайдалануу боюнча зачеттер алынып, куралды алып жүрүүнүн негизги максаты эмне экендиги ар бир кызматкерге туура жеткирилсин. Кызматкерлердин тартиби боюнча түздөн-түз жетекчилери жана андан жогору турган жетекчилер жооптуу болот”- деди Сүйүн Ѳмүрзаков.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.