Казакстан ата-энелердин мектепте жоолук салынуу жөнүндө өтүнүчүн четке какты

Казакстан ата-энелердин мектепте жоолук салынуу жөнүндө өтүнүчүн четке какты

Казакстанда мамлекеттик, жеке мектептерде хиджап кийүү мыйзамга каршы келе тургандыгы тууралуу Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигине караштуу дин иштери боюнча комитеттин төрагасы Ержан Нукежанов билдирди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Алардын айтымында, жакында бир топ эне-ата Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жолдоп, кыздарына мектепке хиджап кийип барууга уруксат берүүнү жана мектептерде намаз окуй турган орун ачууну сураган.

Ержан Нукежанов Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдагы мектеп формасы жөнүндө буйругуна таянып, мындай деген:

«Биз эч кимди динине карап бөлө албайбыз. Бизде светтик орто мектептер бар. Мектеп жашына келген жаран Билим жана илим министрлигинин буйругун, диний бирикмелер жөнүндө мыйзамды жана Конституциянын талаптарын аткарышы керек!«.

Казакстанда өкмөт мектептерде жоолук салынууга каршы кампанияны бир нече жыл мурун баштаган. Аткаминерлердин пикиринде, хиджапка тыюу салуу – диний экстремизм менен күрөшүү үчүн керек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.