Аялдардын нааразылык акциясын чагылдырган журналисттерди талибдер камчы менен катуу сабашты

Аялдардын нааразылык акциясын чагылдырган журналисттерди талибдер камчы менен катуу сабашты

Талибы жестоко избили двух журналистов газеты Etilaatе Roz

Кабулда аялдардын нааразылык акциясын чагылдырып жүргөн Etilaatе Roz гезитинин эки журналисти катуу сабалганы тууралуу Reuters, Озоди билдирди.

Алардын маалыматына караганда, «Талибан» радикал кыймылынын жоочулары журналисттер Немата Накди менен Таки Дариабини репортаж жасап жүргөндө кармап алып, камчы менен катуу сабашкан.

Талибы избили кнутами задержанных на женском митинге журналистов: ТВ и радио: Интернет и СМИ: Lenta.ru

«Etilaatе Roz» гезитинин негиздөөчүсү, башкы редактору Заки Дариаби сабалган эки журналистинин сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялады. Анда кабарчылардын биринин белинен жана бутунан, экинчисинин ийнинен жана колунан камчынын тактарын көрүүгө болот.

«Беш кесиптешибиз кармоо борборунда төрт саат болуп, бул аралыкта алардын экөө катуу сабалып, кыйноого тушуккан. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилди«, — деп жазды редактор З.Дариаби.

Эске сала кетсек, өткөн айда талибдер Ооганстандын батышында Deutsche Welle басылмасынын журналистинин туугандарынын бирин өлтүрүп, экинчисин катуу жарадар кылышкан. Медиакомпаниянын башчысы жоочулар журналисттин өзүн издешкенин, ал ошол учурда Германияда жүргөнүн кабарлаган.

Талибдер аялдардын спорт менен машыгуусуна жана аны чагылдырууга тыюу салган

Талибдер ЖМКларга Ооганстандагы каршылык акцияларын чагылдырууга тыюу саларын 7-сентябрда жарыялаган. Кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид журналисттерди митингдерден оолак болууга үндөп, «Бул акциялар мыйзамсыз, ЖМКлар аларды тартпашы керек. Журналисттерди каршылык акцияларына барбоого чакырабыз«, — деген.

Талибдер аялдарга, анын ичинде улуттук курама командалардын мүчөлөрүнө спорт менен машыгууга тыюу салганы тууралуу «Талибан» кыймылынын маданият боюнча комиссиясынын башчысынын орун басары Ахмадулла Васик австралиялык SBS News басылмасына билдирген. Ал позициясын крикет оюнунун мисалында түшүндүрүп, аялдар үчүн бул оюнга уруксат берилсе, алардын бети менен денеси көрүнүп каларын баса белгилеп, буга Ислам жана Ислам Эмираты буга жол берберин айткан.

Анын айтымында, талибдер аялдардын зарыл учурда сейилдөөсүнө уруксат берет, бирок спорт аялдар үчүн керек эмес.

Буга чейин, августта Васик Ахмадулла Австралияда өтө турган тандоо мелдешине Ооганстандын крикет боюнча эркектер курама командасына катышууга уруксат берген. Бирок «Талибандын» азыркы билдирүүсү боюнча ооган эркектери да мелдешке катышпай калышы ыктымал.

Эл аралык кеңеш крикет боюнча бардык мамлекеттердин аялдар курама командасы да катышышын талап кылууда.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.