Ассоль МОЛДОКМАТОВА: «Менин эң жакшы окуучум Лёшенка, кош бол! Жаш кеткениң жүрөктү оорутту»

Ассоль МОЛДОКМАТОВА: «Менин эң жакшы окуучум Лёшенка, кош бол! Жаш кеткениң жүрөктү оорутту»

Бүгүн, 13-сентябрда 32 жаштагы белгилүү шоумен, алып баруучу Алексей Филатов акыркы сапарга узатылды. Маркумдун сөөгү Восток айылынын чыгыш көрүстөнүнө коюлду.

Бул тууралуу журналист Ассоль Молдокматова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Менин эң жакшы окуучум Лёшенка, кош бол! Жаш кеткениң жүрөктү оорутту. Жалгыз уул эле, апасы гана бар. Апасына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алексейдин сөөгү чоң энеси көмүлгөн жайдын жанына, ГЭС-5 аймагындагы Восток айылынын чыгыш көрүстөнүнө коюлду. Кечээ жер маселеси менен алек болдум. Бул тууралуу башка күнү жазам», — деп жазды Ассоль Молдокматова.

Алексей жакшы ырдачу…

Алексей ФИЛАТОВ: «Мен нукура кыргызмын»

Эске сала кетсек, Алексей Филатов 10 күн реанимацияда жатып, 11-сентябрда пневмониядан каза болгон.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.