БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев депутат болууга аттанды

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев депутат болууга аттанды

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактардан катышчу талапкерлер арызын таштай баштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, алгачкылардан болуп Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы Акылбек Сариев бүгүн, 13-сентябрда документин тапшырган. Ал Нарындагы №33 шайлоо округунан парламенттик шайлоого талапкер болуп аттанды.

Бир мандаттуу округдарга талапкерлердин документтери 18-октябрга чейин кабыл алынат.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот

Эске сала кетсек, былтыр (2020-жылы), октябрда парламенттик шайлоо өтүп, элдин нааразылыгы менен жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан. Абактагы бир топ саясатчылар бошотулган, алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Октябрь окуяларынан улам, Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттар мөөнөтүн узартышып, спикер, премьер-министр шайлашкан. Премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланып, кийин президенттикке аттанган.

Кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум быйыл, 2021-жылы, 10-январда болуп өткөн. 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров — 79,24% добуш менен жеӊишке жеткен. Ошондой эле шайлоочулар 81,27% менен президенттик башкарууну тандап алган.

Быйыл парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Мындай жарлыкка Садыр Жапаров быйыл, 29-августта кол койгон. Жаңы конституциялык мыйзам боюнча, депутаттардын саны кыскарган. Парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Алар жалпы шайлоочулардын 5% ашыгынын добушун алыш керек.

Буга чейин 75 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Шайлоодогу үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрда саат 8:00дө аяктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.