Сагын АКМАТБЕКОВА: «Мелисти жоктодум, ага кошуп өзүмдүн жаштыгымды жоктодум»

Сагын АКМАТБЕКОВА: «Мелисти жоктодум, ага кошуп өзүмдүн жаштыгымды жоктодум»

Эсен болуп, эстей жүр!  

РЕДАКЦИЯДАН: 15-сентябрь. Дал ушул күнү «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор болгон, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич көз жумган. Сөөгү 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. 

Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

2012-жылы жубайы Асел Эшимканова жолдошунун элесине арнап «Мелис Эшимканов» аттуу китеп түзгөн. Ал китеп баарыӊыздардын эле колуӊуздарга тийбесе керек. Андагы эскерүүлөрдүн айрымдарын беребиз. Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекованын эскерүүсү…

Мелис

Жаман кабарын биринчи интернет жардады. Анан телефон, телевизор, радио сайрай баштады. Аларга шамал кошулду, күлгүн дарактардан күбүлгөн жалбырактар коштоду. Жаракөр Мелис, боорукер Мелис, жарааттуу Мелис, канаттуу Мелис. Бир Мелисте кулаган, ураган, гүлдөгөн, жайнаган түр дүйнө бар эле. Мелис өлдү. Ал дүйнө дагы өлдү.

Илгери-илгери империя кулай электе Биринчи Май көчөсү, 63-үйдө чогуу иштечүбүз. Алар («Ленинчил жаш» кийин «Жаштык жарчысы» гезитинин редакциясы) экинчи кабатта, биз «Кыргызстан аялдары», «Жаш ленинчи» журналы, «Кыргызстан пионери» гезити менен ирегелеш үчүнчү кабатта турчубуз. Эртели кеч экинчи же үчүнчү кабаттын узун, кууш, дайыма күүгүм коридорлорунан кездешип, сүйлөшүп калаар элек. Анда «түндүктөн түшкөн» редактор катары Мелистин аты дүңгүрөп турган чагы. Империя кулаган соң биз «Учкун» концернине, алар башка жакка көчүп кетишти. Туш-тарапка чачырадык. Мен ошо кездеги Мелисти жоктодум. Саясатка терең аралашып ыргала элек, булгана элек Мелисти жоктодум, ага кошуп өзүмдүн жаштыгымды жоктодум:

Кырдуусу калың жыйындын,

Кыйыны сейрек кыйындын,

Кыр ашкан желдей тыйылдың,

Кыйылган талдай жыгылдың.

 

Өйүздүү бүйүз жайыгың,

Өрдөктүү көлдө кайыгың,

Баарысын таштап, байыртан

Баары өткөн жакка кайыдың.

 

Төбөлдөр менен өрүлдүң,

Төө миндиң, бөгүп жөө жүрдүң,

Кыйырын кезип дүйнөнүн,

Кызыгын сүрдүң өмүрдүн.

 

Сан буйтка-бурчун чалыштың,

Саясат менен алыштың,

Сабылып кээде, унтулган

Сай менен келди табышкың.

 

Жабыры түмөн, бугу миң

Жазылып чери көңүлдүн,

Ачылып үнү Шайлоонун,

Алымдын жанып Жол бүгүн,

 

Ойдуңду, тоону тергебей,

Ойногон шамал эндегей,

Оозунан бийик Алайдын,

Ойлорун кошуп Кердегей.

 

Атаандаш гезит жиндентип,

Ак терек сымал бүрдөнтүп,

Асаба түптөп, Агымдын

Агыздың доошун түрдөнтүп.

 

Тапанга бүлөп тапанды,

Талаага салып жапандуу,

Тайманбас, талбас өзүңдөй,

Таптадың шакирт катарлуу.

 

… Өрдөгөн сайын түбү бош,

Өмүрүң чымдыр гүлү кооз.

Кошкончо сапар түптүү Көк,

Кош болгун, кош бол ини дос!

Сентябрь 2011.

Түнү бою кар жаады. Жакшы жаады. Бишкекте мындай кар жаай элек болчу. Таңга маал бала жигит кезиндей  жадырап-жайнап түшүмө кириптир. Карды жакшы көргөнүн билчүмүн.

Сагын АКМАТБЕКОВА

«Мелис Эшимканов» китеби, 2012-жыл

P.S. Буга чейин Мелис Эшимкановдун достору Султан Раев, Мамат Сабыров жана жердеши Бакыт Орунбеков эскерген.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.