Султан РАЕВ: “Мелис Эшимканов…” деп тамшанып, жанымдагы тыкан балага таңгала карап турушту..»

Султан РАЕВ: “Мелис Эшимканов…” деп тамшанып, жанымдагы тыкан балага таңгала карап турушту..»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 15-сентябрь. Дал ушул күнү белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич көз жумган.

Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

Бүгүн, эртең Мелис Асаналиевичти эскеребиз.

Мелис Эшимкановдун жакын досу, мардагы Маданият министри, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев эскерет. 

МЕЛИС МЕНЕН ТААНЫШКАН КҮН…

Мелис экөөбүз биринчи жолу 1979-жылы тааныштык.

Мен анда армиядан түз эле келип, КМУнун журналистика бөлүмүнө экзамен тапшыргамын. Армиядан келген адамдын дымагы да күчтүү, аскер кийимин граждандык кийимге жарым жартылай алмаштырып, бир чети Мекенди коргоп келгенбиз дегендей мурундарыбыз дердейип, фружканы кыйшайта кийип, төштөгү “телняшканы” жагжайта ачып, көкүрөктөгү аскердик значокторду бут кийимди арчыгандай түбүнө дейре жалтыратып, дембилдин деми кете элек кез.

Жайдын саратанында өтүк кийип, кычырата майлап, экзамен тапшырган комиссияга келдим. Абитуренттерден баш адашат. Атасы менен, апасы менен, агасы менен жүргөндөр бар, бир эле биз коколой башыбыз сороюп, жайдын ысыгына карабай өтүк менен жүргөн кезибиз. Тердеп, кургап жүрүп, документтерди тапшырдым. “Солдат” деген атыбыз бар. Бейтааныштын баары ушинтип кайрылышат. Жаңыдан мектепти бүтүп келген мадыра баштар, секелек кыздар бизди көзүнүн кыры менен карап, “армиядан келгендер эле орундарды алып коет” деп жактыра бербей карайт Мекен сакчысына. Эки жыл ушулар ээн-эркин уктасын деп Мекен четинде күн-түн дебей жүргөнүбүз менен иши жок…

Документтерими тапшырып, университеттин биринчи кабатындагы фойеде турсам, бир бала басып келди. Өңү аппак, шаардык көрүндү. Шымын мындай кой, көйнөгүнүн жеңинин кырына дейре чыгара үтүктөп, чачтарын өтө тыккан алдырып, тыпыйып алдымда турду.

Балага көнүл бурганда жок элем. Эки жыл мынчалык сулуу кыздарды көрбөгөн жаным кыздарды эле карайм, кыздарда эле карайм, тим эле тикендей сайылып карайм. “Төбөсү көктө, буту бокто…” дейт беле. Алардын мени көрөйүн деген көзү жоктой, эки жыл ысык-суукка тоңуп, алган гвардия сержанттын значокторуна каш кагып, караган деле жан жок…

Баягы жигит өтө сылык басып келди да, акырын гана мага суроо узатты.

— Байке, сиз дагы журналистикага тапшырып жатасызбы? – деди сыпаа.

— Ова, — дедим мен. Баягы түштүк колорит дагы эле кете элекпи, “ова” деп коюш керек да.

— А, сенчи? – дедим тыкан балага.

— Мен да,- деди, пионер адатынан али да кете электей көрүндү бу бала.

– Сиздин фамилияңыз ким?- деди, тыкан бала.

— Фамилиямбы? Раев…

Ага менин фамилиям эчтеке айткан жок окшойт. Кичине мурчуйуп калды. Тааныбайт экем дегендей… Менин жообумду аягына чыгарбай эле, — Мен, Мелис Эшимканов болом, — деди, бала негедир сыймыктануу менен. Мен дагы бу фамилияга ноль реакция кылдым. Анын фамилиясы да мага эчтеке айтып турбагандай сезилди. Бала ичинен таарына түштүбү “Мени билбейт экен” дегендей…

— Сиз эмне жазасыз?, — деди.

— Менби?.. Биздин округдун гезити бар эле “Во славу Родины” деген ошого эки-үч жолу макала жазгам, — дедим.

— Поэзия,проза… Жазбайсызбы? – деди тыкан бала.

— Жок… эми жазам дедим,- кыйрата тургансып. Тыкан бала дагы мурдун мурчуйтту. Ал мага жаңыдан армияга келген “салагаларды” эске салды.

— Жүрүңүз, 705ке баралы… Ошо жерде творческий конкурс болот экен,- деп калды.

Экөөбүз узун-кыска болуп, ээрчишип жөнөдүк. Тыкан баланын бою менин киндигимен эле бир аз жогору эле…

Узун коридордун сол жагындагы котологон абитуренттерди көрдүк. Мунун баары журналист болом деген немелер экен. Баягы котолгондор бизди көрөрү менен эле, короого тийген карышкырды көргөндөй экиге бөлүндү. Ичимен күңүрөнүп коем, “Мына эми, менин значокторума көнүл буруп, тирүү солдатты көрүп жатышат” деп. Аларга жакындап келген сайын, акырын туш-туш тараптан шыбыштар угула баштады.

Ал азырга дейре кулагымда турат.

Алардын баары “Мелис Эшимканов…Мелис Эшимканов…” деп тамшана айтышып, менин жанымда жердин битиндей болгон тыкан балага таң кала карап турушту. Бир маалда котологон абитуренттер баягы тыкан баланы ороп, кимиси китебине, кимиси дептерине, кимиси открыткасына автограф койдуруп жатты. Бу эргээжелдин мынчалык популярдуулугун эми билип отурбайымбы. Бая “Мен Мелис Эшимкановмун!” деп, сыймыктана айтканында бир мандем бар деп да болжогон жайым бар эле. Көрсө, Мелис Эшимканов “Кыргызстан пионери” деген гезитке кудайдын куттуу күнү макала жазып, элдин баары анын ысмын өзгөчө таанып, өзгөчө баалап калган кези тура. Эки жыл чытырман токойдо, күн алыс “тревога” деп чуркаган Мекен сакчысында не айып, “Кыргызстан пионерин” окубаса, же ал кызмат кылган жерге “Кыргызстан пионери” барбаса, өзү сомдой болуп

Пионер гезитти окуган курактан өтуп кетсе… Жолукканда да, таанышканда да кудум эле “жигиттин гүлү” менен таанышкан экемин… Мен ошондо биринчи жолу Мелис Эшимканов менен тааныштым…

Жаштагы айырмачылыкка карабай дос болуп да кеттик. Өтүкчөн, формачан, значокчон келип мен окууга өтүп кеттим. Менин тыкан балам өтпөй калды…Өзүнүн атак-даңкына карабай…

Кийинки жылы ал окууга өтүп, экөөбүз кайра бир бөлүмдө, эки башка курста окуп калдык…

Ошентип, Темир Аргенбаевич Сариев айткандай, “Штемпель, Тарапункайдай” болуп, кийин гезиттерде бирге иштедик, досчулугубуз, жаман-жакшылыгыбыз бир болду…

Кайран дос, кээде ушинтип эскерүүлөрдө сагынтып коюп, эске да, түшкө да кирип калат…

Султан РАЕВ, Кыргыз Эл жазуучу

10 thoughts on “Султан РАЕВ: “Мелис Эшимканов…” деп тамшанып, жанымдагы тыкан балага таңгала карап турушту..»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.