ВИДЕО — Бек БОРБИЕВ: «Бул наамдын мага көп деле кереги жок болчу. Бийлик күйөрмандарыма берди да…»

ВИДЕО — Бек БОРБИЕВ: «Бул наамдын мага көп деле кереги жок болчу. Бийлик күйөрмандарыма берди да…»

Жакында эле «Кыргыз эл артисти» наамын алган Бек Борбиев «New TV KG» телеканалына барып, Нурлан Шакиевге маек берип жатып, наамды капысынан алып калганын баса белгилептир. Ал наамдын артынан чуркабаганын, документ тапшырбаганын, бийлик өзү эле берип койгонун айтыптыр. Ошондой эле ал алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин да билдириптир.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка 31-августта кол койгон.

Сыйлык алгандардын ТИЗМЕсин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот. Бул тизмедеги наам алгандардын ичинен катуу сынга кабылгандар: Бек Борбиев, Расул Маматкулов, Чолпонбек Абыкеев («Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» наамын алган) болгон.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевдин наам тууралуу маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.