Мелис ЭШИМКАНОВ: «Жеңиш көрдүңбү, журналист деген ушундай иштеш керек!»

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Жеңиш көрдүңбү, журналист деген ушундай иштеш керек!»

Эсен болуп, эстей жүр!  

РЕДАКЦИЯДАН: «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич 15-сентябрда көз жумган. Сөөгү«Ала-Арча» көрүстөнүнө 18-сентябрда коюлган. 

Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

Бүгүн, 15-сентябрда, саат 11:00дө, «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү Мелис Эшимкановдун эстелигинин алдында маркум агабыз эскерилет.

Эскерүү иш-чаранын уюштуруучусу Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова.

Саясаттагы, журналистикадагы үзөңгүлөш досторун, чыгармачыл адамдарды, кесиптештерди эскерүүгө чакырабыз!

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, кечээтен бери Мелис Эшимкановдун өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган иниси Эрнис Асек уулу да эскерилүүдө …

Султан Раев, Мамат Сабыров, Бакыт Орунбеков, Сагын Акматбекова, Түгөлбай Казаков жана бир тууган иниси Эрнис Асек уулунун архивдеги эскерүүсү жарыяланган.

Жеңиш ЭДИГЕЕВ: «Мелис байкенин капыстан көз жумганына ал катуу кейиди деп ойлоймун»

Көп жылдан бери Швейцарияда үй-бүлөсү менен жашап, иштеп келаткан кесиптешибиз Жеңиш Эдигеев Эрнис Асек уулунун жакын досу, айтылуу “Асаба”, “Агым” гезитинин негиздөөчүсү Мелис Эшимкановдун шакирти. Ал эки гений ага-ини тууралуу эскерүүлөрүн тынбай жазып келе жатат. Бу жолу да кезектеги эскерүүсүн салды. Анда дагы «Эрникеге» деп коюптур. Мындай аталыш жүрөктү жылытты. Жүрөктү ыйлатты…

«Матрёшка гейт»

2006-жыл. Бакиевдердин Өмүрбек Текебаевге карата жасалган айтылуу «Матрёшка» операциясы жаңы билинип, анын чуусу пигине чыгып турган кез. Депутаттардан атайын комиссия түзүлүп, алар журналисттерди киргизбей, жабык эшик артында иштеп атышты. Комиссиянын арасында Мелис Эшимканов да бар. Ошол күнү гезит да чыкмак. Мелис байке мени Жогорку Кеңешке келип, алардын жыйыны болуп аткан кабинеттин жанында акмалап ошол жерде болуп туруумду айтты. Анан ар бир 20 мүнөт сайын акырын чыгып мага келет да ичте эмне кеп болуп атканын улам-улам айтып турду. Мен шуулдатып жазып турдум. Курган байке эч кимге сыр бербей чыгат да, кулагыма шыбырап-шыбырап алып кайра кирип кетет. Ошентип 4 сааттан ашык иштедик. Бир кезде түшкү тыныгууга чыгышты. “Жүрү, кеттик!” деди. Машинасы менен редакцияга келаттык. Жолдо келатып айтты: “Жеңиш көрдүңбү, журналист деген ушундай иштеш керек! Азыр барабыз да, экөөлөп жазабыз!” деди.

Гитар жана Мелис байке

Жумуштан сырт күндөрү, Мелис байке көңүлү тарткан учурда өзгөчө мээрим салып, бизди сыйлап калган учурлары көп болчу. Бир жолу 3-4 киши болуп мурда эч бара элек, чоң имараттын жертөлөсүнө кирип кеткен, тыпыйган жакшы бир кафеге кирдик. Байкасам, ал жерге көбүнчө шаардыктар, орус тилдүүлөр көп баргандай түрү бар.

Бир топ убакыт өткөн кезде биз олтурган чакан залга тартайган узун бойлуу, чачы желкесине түшкөн, гитара көтөргөн арык киши кирип келди да, жайгашып олтуруп алып ырдай баштады. Баштаганда эле билинди, өз кесибин билген, гитараны катыра черткен, үнү да коңур кыйын неме экени. Олтурган башка эл да аны кызыгып укту. Бир топ ырдаган соң ырахмат айтып кайра чыгып кетти.

Биздин олтуруш ортолоп калган кезде Мелис байке официант кыздан жанагы гитара черткен кишини бул жерге кайра чакырып сүйлөшсөк болобу деп суранды. “Албетте болот” деп, кыз чыгып кетти. Бир кезде акырын жыла басып, тиги ырчы келип жаныбызга солдоюп туруп калды. Биз жаныбыздан орундук бердик. Мелис байке адеп өзүн тааныштырды, бизди тааныштырды, анан анын атын, чоо-жайын сурап, мукамдуу гитары менен ырдаганы жакканын айтып, «Мүмкүн болсо бизге да ырдап бере аласызбы? Ырахматыбыз болот»,- деп адаттагы тамашасына салып, айтор, гитарачан жигитти бат эле өзүнө тартты. Ырчы жигит да таржымалын айтып берип, бат эле ага көнүшө түштүк. Гитараны черткени чыны менен керемет экен. Чертип атып гитарын карап, мына ырдап баштаарда узун сары чачын артты көздөй силкип салып, бир Мелис байкени, бирде терезени карап алып ырдай берди. Ыры баарыбыздын көңүлдү улап, алда кайда алып кетти…

Бул көрүнүш өзгөчө болду. Мелис байке Высоцкийден фразаларды айтып, жакшы бир учурларды мисал келтирип, ырчыны да чайга, тостко тартып, аны таптакыр бизге жибитип салды. Андай сыйга өзү да эргип, гитарчы биз менен бирге бир сааттан ашык олтурду. Акыры тарамак болдук. Мелис байке аны менен достошкусу келгенин, көп өтпөй аны дагы бир олтурушка чакыраарын айтып, даректерин алмашты. Айткандай эле, экөө кийин көп ирет жолугушуп, дос болуп кетишти. Ал жигит “Асабанын” филармонияда өткөн 80 жылдык тоюна да чакырылды. Ошондо да сахнага чыгып ырдады.

Андан соң убакыттар алмашып, мен өлкөдөн алыска сыртка кеттим. Экөөнүн кийинки достугу канчалык уланганын уга алган жокмун. Бирок, Мелис байкенин капыстан көз жумганына ал катуу кейиди деп ойлоймун. Сөзсүз кейиди. Анткени, жүрөгүндө мээрими бар, жарыгы бар жан болчу, ал.

Жеңиш ЭДИГЕЕВ

25-апрелдеги Эрнис Асек уулунун эскерүүсүнө даярдалган эскерүүсү:

 

 

One thought on “Мелис ЭШИМКАНОВ: «Жеңиш көрдүңбү, журналист деген ушундай иштеш керек!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.