Назгүл НАСИЕВА: «Мелис Асаналиевич КТРден кеткенде, мен дагы иштен кеттим. Себеби…»

Назгүл НАСИЕВА: «Мелис Асаналиевич КТРден кеткенде, мен дагы иштен кеттим. Себеби…»

Эсен болуп, эстей жүр!  

РЕДАКЦИЯДАН: «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич 15-сентябрда көз жумган. Сөөгү«Ала-Арча» көрүстөнүнө 18-сентябрда коюлган. 

Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

Бүгүн, 15-сентябрда, саат 11:00дө, «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү Мелис Эшимкановдун эстелигинин алдында маркум агабыз эскерилет.

Эскерүү иш-чаранын уюштуруучусу Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова.

Саясаттагы, журналистикадагы үзөңгүлөш досторун, чыгармачыл адамдарды, кесиптештерди эскерүүгө чакырабыз!

Мелис Асаналиевич кечээтен бери эскерилүүдө … Султан Раев, Мамат Сабыров, Бакыт Орунбеков, Сагын Акматбекова, Түгөлбай Казаков жана бир тууган иниси Эрнис Асек уулунун архивдеги эскерүүсү жарыяланган.

Назгүл НАСИЕВА: «Мелис Асаналиевич мени «палчаным» деп коер эле»

«Темир тордогу үмүт» аттуу долбоордун автору, “Сен жалгыз эмессиң” кайрымдуулук коомунун төрайымы Назгүл Насиева «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй эскерүү калтырды.

Бир күнү эле кечинде Мелис Эшимканов чалды:

— Назгүл, салам карындашым? Мен Мелис байкең. Сени менен сүйлөшчү сөз бар. Эртең эски аянтка келе аласыңбы, убактың кандай?
— Саламатсызбы, Мелис Асаналиевич. Эски аянттагы боз үйлөр тигилип турган жерге барайынбы?
— Ооба, ошол жерге кел.
Эртеси барсам, үн коштоочу аппараттарымды аянтка коюп берүүмдү суранды. Мелис байке жеткиликтүү, маанилүү сүйлөп, патриоттук сезимди ойготуп койчу.
Мени «палчаным» деп коер эле. «Назгүл сен эркек эле болуп жаралышың керек эле. Жаратканыбыз ушул жерден адашкан да» деп колумду катуу кысып учурашаар эле.
Дагы бир күнү чалып калды. Агезде КТРде башкы директор болчу. «Палчаным, кабинетке келип кет!»,- деди. Бардым. «Жакшы долбоор жазып кел, сени жумушка алайын»,- деди. Ал учурда мен Жаза аткаруу башкы башкармалык менен Кыргызстан боюнча бардык абактарга спорт мелдештерин, концерт, КВН, Сулуулар конкурсун түрмөлөрдө өткөрчүмүн. Өзүңүздөр жакшы билгендей, түрмөгө айыбы бары да, жогу да, коркунучтуусу да, коркогу да бар, кокустан кырсык менен же саясий куугунттук менен түшүп, беш кол тең эмес, ар кандай тагдыр менен түшкөндөр бар. Мына ошолор үчүн «ТЕМИР ТОРДОГУ ҮМҮТ» деген долбоор жазып, Мелис Асаналиевичтин алдына койдум. Колумду дайымкыдай катуу кысып, «Назгүл, бул эң мыкты долбоор. Азаматсың! Эртеңден баштап ишке кириш. Мен бардык жактан сени колдойм!»,- деди. Чын эле эң мыкты долбоордун бири болду.
Мелис байке КТРден кетти, мен да ТВдан кеттим. Анткени менин долбоорума МЕЛИС ЭШИМКАНОВдой күчтүү колдоочу болбосо, иштөө кыйын.
Бүгүн 15 -сентябрь. Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, журналист Мелис Эшимкановдон ажыраган күн. Көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. Мыкты инсан эле. Унутпайбыз! Ар дайым эстеп турам. Мелис Асаналиевичтин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.