ВИДЕО — Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Мелис Эшимканов он жылдай коомдук пикирге кожоюн болду»

ВИДЕО — Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Мелис Эшимканов он жылдай коомдук пикирге кожоюн болду»

Эсен болуп, эстей жүр!  

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич 15-сентябрда көз жумган. Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

Бүгүн, 15-сентябрда, саат 11:00дө, «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү Мелис Эшимкановдун эстелигинин алдында маркум агабыз эскерилет. Андан соӊ «Улуу Тоо» кафесинде куран окулат. 

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, «Ата Мекен» фракциясынын лидери: «Мелис кыргыз журналистикасынын пионери, жылдызы»

Бүгүн биз Мелис Эшимканов өз өмүрүн жаңы Кыргызстанды курууга арнады деп айта алабыз. Мелис кыргыз журналистикасынын пионери, жылдызы. Мелис өзү кожоюн деген сөздү жакшы көрчү эле. Он жылдан ашык ал кыргыз элинин ой жүгүртүүсүнүн, коомдук пикирдин кожоюну болуп турду. Саясый багытты да, коомдук ой жүгүртүүнүн багытын да жеке өзү аныктап турду. Ал тобокелчиликти жакшы көргөн, чоң экспериментатор эле. Ал чыгармачылыкта эле эмес, саясатта да эксперимент кылып, дың жарып, Кыргызстанга жол салды. Анын элеси ар дайым биздин арабызда.

«Мелис Эшимканов» китеби, 2012-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.