ВИДЕО — Түгөлбай КАЗАКОВ: «Отургузуп койгудай мен сага картошка белем» деп айтканы эсимде калды…»

ВИДЕО — Түгөлбай КАЗАКОВ: «Отургузуп койгудай мен сага картошка белем» деп айтканы эсимде калды…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Залкарлардын бейитинде Мелис Эшимкановду эскерүү

Эл сүйүп, издеп окуган «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич каза болгон күнү — 15-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүндө эскерилди. Улуу, залкар, алп маркумдардын бейитинде улуу инсан эскерилди…

Эскерүүгө маркумдун бир тууган карындашы Нурила Эшимканова, таякеси Шермамбет Орозалиев, жубайы Асел Эшимканова, кызы Миэлла, Эрнис уулу Тат, Түгөлбай Казаков, Мамат Сабыров, Бакыт Орунбеков, Талант Конокбаев, Азимжан Ибраимов, Бекташ Шамшиев, Асан Турсункулов, Осмон Томотоев, Элмира Тезекбаева, Кенжебек Арыкбаев, Калыбек Тагаев, Жылдыз Муслимова, Кубат Оторбаев, Назгүл Насиева, Марат Токоев, Марс Тулегенов, Элдар Аттокуров, Айнагүл Сапарбек кызы, Аскер Сакыбаева, Семетей Талас уулу,  Шайыр Эркин уулу, Элнура Кулуева, Айдай Ивакова, Гүлзада Шаршеналиева, Аманбол Бабакулов, Элмира Мадиева, Алтынай Арстанбекова, Калыгул Бейшекеев, Канат Кыдырмаев, Назгүл Иманалиева катышты.

«Улуу Тоодогу» ыраазычылык…

Алгач маркумдун эстелигинин алдында, кийин «Улуу Тоо» кафесинде куран окутулду. Мындай иш-чараны Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова уюштурду.

Эскерүүгө келгендер Мелис Эшимкановдун саясатта, журналистикада, дегеле бардык жерде жетпей турганын баса белгилеп, чексиз берешендигин, айкөл адамгерчилигин айтышты. «Мелис Эшимкановдун аты эч качан өчпөйт!»,-дешти. 

Аягында Асел Эшимканова эскерүүгө келгендерге терең ыраазычылык билдирди. 

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Мага сөз тийет» деп коркуп, гезиттеги материалдарды көзөмөлдөчү эмес»

Биз урматтаган, сыйлаган, Мелис, Эрнис Эшимкановдор тууралуу кандай иш-чара болсо калбаган, дайыма келип, калыс сөзүн айтып, бизди колдоп, күч-кубат берип келаткан Кыргыз Эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Түгөлбай Казаков байкебиз эскерүүнүн башын ачып берди.

Элдин эсинен чыкпаган адамдар болот. Ошонун бири – Мелис. Ал намыскөй, мекенчил, качан болсо чындыкты чыркыратып бетке айткан адам эле. Анан бир аз көзү ачыктыгы да бар эле. Айткандары таамай келчү. Бир жолу гезиттин тагдыры тууралуу бир маселе болуп калды. Анан мен ага тамашалап: «Мелис, жүрү көзү ачыктарга барып келели. Аларга президент баш болуп барып жатышат. Биз дагы барып коелу да гезиттин тагдырын билип»,-дедим. «Аларга барып эмне кылабыз? Мына мен көзү ачык турбаймынбы» деп атпайбы тамашалап… Бирок, айткандары туура келчү.  Табиятынан башкаларга берилбеген өзгөчө сапаттары бар оригиналдуу жигит эле, атаң гөрү… «Биздин тукумубузда эркектер элүүгө чыкчу эмес эле деп корком» деп айтып калчу эле…  «Ушундай сөздөрдү айтпаш керек! «Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында» дейт деп айтып калчу элек.

Мына азыр бизге Мелис бардык тараптан жетпей турат: журналистикада, саясатта… Курч, таамай, эч нерседен жалтанбай, коркпой айткан позициясы бар адам эле. Ал тегерегине күчтүү кишилерди жыйнагандан коркчу эмес. Мына азыр андай адамдарды тегерегине жыйнагандан коркуп жатышпайбы, а Мелисте андай коркоктук жок болчу. Дагы бир чындыкты айтып коеюн, Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Мамат Сабыровдордун материалдарын окучу эмес. Шайлообек бирөөлөрдү согуп салчу.  «Мага сөз тийет» деп гезиттеги материалдарды көзөмөлдөчү эмес. Бардыгыбызга жазган жагынан толук эркиндикти берген. Ушундай эрдиги бар эле. Ушундай адамды эстетип, эскерип жаткан үй-бүлөсүнө рахмат айтам. Мына, бул жерде не деген залкарлар жатат. Аларды эстеген, эскерген адам жок. Таш болуп туруп калышты, кайрандар!

Аселге рахмат, арбакты сыйлаган жакшы кыз. Мелис Эшимканов атындагы фондду негиздеп, мыкты калемгерлерге акчалай сыйлык берип жүрдү, спорт оюндарын уюштуруп жүрдү… Эми минтип эскерүү өткөрүп жатат. Мелистин арбагы үй-бүлөсүнө ыраазы болсун!

Архивден…

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Чоӊ аталарымдын кыска өмүрүн эстегенде, селт этип алам…»

— Атам Асектин (кичинесинде эркелеткен ысымы менен калыптыр) кесиби терапевт. Казарман, Нарын, Ат-Башы, Сокулук ооруканаларын башкарган. «Кыргыз Энциклопедиясында» медицина жана биология редакциясын жетектеген атактуу профессор А.Алтымышевдин «алтын бальзамын» жаратууга үлүшүн кошкон. Советтик медицинанын чордонунда жүрсө да, тамыр кармаган табыпчылыгы менен далай оорукчандын сообуна калган шайыр, карапайым, бунтарь мүнөз, атүгүл Брежнев бийлигин сындаган диссиденттик көз карашы үчүн ЦКнын каарына калган жайы бар адам эле.

Кээде селт этип алам, атам Асектин, чоӊ атам атактуу мергенчи Эшимкандын, анын атасы табып Ашымдын, анын атасы молдо Райдын кыска өмүр жашагандарын эстегенде…

«Бишкек таймс» 2004-жыл

Атабыздын баскан жолу…

Асанаалы (Асек) Эшимканов 1936-жылы, 20-январда Кара-Коюн айылында туулган. 1944-1954-жылга чейин Кара-Коюн орто мектебинде окуган. 1954-1960-жылга чейин Кыргызстан мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетинин врач-терапевт кесибин окуп бүтүргөн.

1960-жылы Кара-Булуң айылынын кызы Тентиева Саадат менен баш кошкон. Ошол эле жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жаш адис катары эмгектенген. 1963-жылы Ат-Башы районунун ооруканасында, кийин Ак-Муз айылында да иштеген.

Өзүнүн демилгеси менен 1965-жылы облустук, республикалык жетекчиликке кайрылып, Ат-Башы районунун Пограничный (азыркы Казыбек) айылына оорукана курдурууга жетишип, өзү ошол ооруканага башкы врач болуп дайындалган.

1973-жылы Фрунзе шаарына профессор Арстанбек Алтымышев аркылуу чакырылып, «Кыргыз Энциклопедиясынын» медицина жана билология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Профессор  Алтымышев менен иштешип, чөп дарыларынан жасалган “Арашан” бальзамы, ашказан оорусуна “Чычырканак майы” жана космонавттар үчүн жасалган дарыларга өз салымын кошкон.

1975-жылы Сокулук районунун ооруканага башкы дарыгер болуп дайындалган. 1976-1981-жылга чейин № 7 Фрунзе шаардык бейтапканасында дарылоо бөлүм башчысы болуп иштеген. Көптөгөн Ардак грамота, орден менен медалдын ээси.

1981-жылы, 23-октябрда 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Көптөгөн элдин алкышына ээ болгон атабыз азыркыга чейин мыкты дарыгер катары эскерилип келет.

Алты баланын (эки уул, төрт кыз) атасы. Балдары Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу Кыргызстанга белгилүү инсандар.

Эрнис АСЕК уулу: «Мелис байкемдин жашындамын…»

Дегеле эскерүү жазуу бир азаптын азабы. Кечээ Мелис байкебиздин бейитине баратканда, келатканда Эрнистин акыркы күндөрүн эстеп, айткандары кулагыма жаңырып, элеси көз алдыма тартылып, көздөн жаш куюлду…

Жогоруда Мелис байке: «Чоӊ аталарымдын кыска өмүрүн эстегенде, селт этип алам…» деп айткандай, Эрнис да: «Мен 50 жашка чыгамбы, ыя, Нази?! Биздин тукумда эркектер элүүгө чыккан эмес. Атам 43 жашында, Мелис байкем 49 жашында кетти. Азыр так байкемдин жашындамын” деп айтканда мен дагы чок баскандай чочуган элем… Тилекке каршы, так ошол жашта, 49 жашында кетти.

Агасын жоктоп, караанына зар болуп, арман кылып жүрүп өттү… Акыркы күндөрү байым Мелис байкенин бейитинен чыкпай калган, бат-бат эле бара берчү. Телефонуна чалып “Кайдасың?” десем, “Мелис байкемдин мүрзөсүндө…” деп үнү каргылданганда, жүрөгүм тызылдап, аны аяп кетчүмүн. «Агам аска эле бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да эле өсүп турган…» деп айтып калчу…

Акыркы күндөрү ушул ВИДЕОну көп карап калган. Эми мен көп карап калдым…

Назира СААЛИЕВА

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.