Айылчы САРЫБАЕВ: «Ташиев мага жолуккандан качып жатат»

Айылчы САРЫБАЕВ: «Ташиев мага жолуккандан качып жатат»

«Толубай» банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү,  белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевдин уулу Алмаз Сарыбаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. Ал учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында. Ага «Бийликти күч менен басып алуу» айыбы коюлган. Ушундай берене менен камалган Сарыбаевдин ишине иликтөө жүргүзүлүп жатканын ИИМ кечээ, 16-сентябрда билдирген.

Айылчы САРЫБАЕВ: «Эгерде менин балам «террорист» болсо, мен дагы «террористмин» да»

Алмаз Сарыбаевдин атасы Айылчы Сарыбаев «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пикир калтырды.

Чоңдор келгиче унчукпай коеюн десем, ИИМ «АкиПресске» Алмаздын сүрөтү менен бакыйтып туруп, «Вооруженный захват власти» деп чыгартышыптыр.

Менимче, ортодо кимдир бирөөлөр Садыр Жапаровго жакшылык кылымыш болуп түндүктүн элин дүрбөтүп, чыр-чатак чыгарып, Президентти эртерээк ээрден кулатып, өзүбүз келебиз деген максатка катуу окшоп калды. Ортодо менин уулумду кошо коюшканы дагы саясат, болгондо да өтө кир саясат. Эгерде менин балам «террорист» болсо, мен дагы террористмин да. Эгерде Курсанда өчү болсо андан алышпайбы. Жок сөзсүз эле групповой кылып кылмыш ишинин статьясын оорлотуу аракети.

Садыр өзү түрмөдө отуруп келди эле, эми бу ишти өзү таразаласын. Ак жеринен күйгөн кандай болот экен. Мен Садырдын бул ишке тиешеси барына ишенбейм. Ташиев мага жолуккандан качып жатат. Төгөрөктүн төрт бурчунан издесе дагы кылмыш ишин таба албайт. Чаптап эле коюшпаса… Ак ниет, таза ИИМде иштеген балдарыбыз эле аянычтуу…

Эске сала кетсек, «Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү» деген аудио интернетте 14-сентябрда тараган. Ушунун негизинде алар суракка чакырылган. Биринчи Май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагына Алмаз Асановду эки айга, Курсан Асановду Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камоо чечимин (16-сентябрда) чыгарган. Аларга «Бийликти күч менен басып алуу» айыбы коюлган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.