Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин камалышы боюнча Өмүрбек Текебаев пикирин билдирди

Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин камалышы боюнча Өмүрбек Текебаев пикирин билдирди

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин камалышы боюнча пикирин «Vesti.kg» сайтына билдирди. Анын айтымында, Оторбаевдин камалышы ага   күтүүсүз болуп, таңгалган. «Бийликтин Жоомарт Оторбаевге каршы эч нерсеси жок болчу. Менимче, ал массалык камоо толкуну менен кармалган»,-деп билдирген Текебаев.

Эске сала кетсек, Кечээ, 16-сентябрда мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев камакка алынды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ал «Кумтөр» иши боюнча кармалган. Оторбаев «Кумтөр ишиндеги» коррупцияга байланыштуу шек саналган премьер-министрлердин төртүнчүсү. Төртөөнүн бири Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 миллион сом төлөп бергенден кийин үй камагына чыгарылса, Өмүрбек Бабанов ден соолугуна байланыштуу бошотулган.  Ал чет мамлекетке дарыланууга чыгып кетип, бир айдан кийин Кыргызстанга кайтып келген. Ал эми Темир Сариев камакта. Жоомарт Оторбаевдин тагдыры 48 саттын ичинде чечилет, тагырагы, анын бөгөт чарасы сотто каралат. Ал  2014-2015-жылдары өкмөт башчы болгон. Бул кызматка ал «Ата Мекен» партиясы аркылуу келген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.