Президент Садыр Жапаров Ооганстан боюнча оюн билдирди

Президент Садыр Жапаров Ооганстан боюнча оюн билдирди

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери (ЖККУ) саммитке кечээ, 16-сентябрда чогулду. Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери негизги маселе катары Ооганстандагы соңку абалды талкуулашып, ЖККУнун коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынып, 14 документке кол коюлду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президент Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын айтып, аймактар башкаруусу динге негизделген мамлекеттин калыптанышы, уюмга мүчө өлкөлөргө терс таасир этерин билдирип, Ооганстан менен достук мамилени сактай турганын, алардын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын баса белгилеген. “Биз Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз”,-деп билдирген С.Жапаров.

Мындан тышкары, президент кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрүп, «Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деп баса белгилеген.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттери мүчө. ШКУнун курамында 8 мамлекет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан, Тажикстан бар. Беларусь, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Кыргызстандын делегациясы менен 15-сентябрдын кечинде Дүйшөмбүгө учуп барган. Аларды аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алган.

«Талибан» — Кыргызстанда тыюу салынган уюм.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.