Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Бакиевдер легитимдешип кайтып келүүгө аракет кылса аймак аралык араздашууга жол ачылат»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Бакиевдер легитимдешип кайтып келүүгө аракет кылса аймак аралык араздашууга жол ачылат»
Белгилүү журналист, акын, котормочу, аналитик Жыргалбек Касаболот кезектеги макаласын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. 

Туура эмес кармоо туруктуулукка зыян

Жакында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти басып алууга аракет кылган деген негизде кармалып, камакка алынды. Аны менен кошо «АКБ Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев да кармалды. Бул иштин алкагында бир топ саясатчылар күбө катары сурак берип чыкты. Ага чейинки ошого негиз болгон аудио жазууда жарытылуу эч нерсе угулган жок. ИИМ андан башка олуттуу далилдерди келтире элек. Маданият өкүлдөрүнүн атынан жазылган каттын уюштуруучулары болсо анын биринчи бети өзгөрүп кеткенин өздөрү моюнга алып отурат. Кошулду дегендер кол койбогонун айтып чыгышты. Айтор, ынанымдуу бир да жүйө байкалбайт.
Ырас, бул иште аты аталып жаткан Алмазбек Атамбаевди бошотуу боюнча пикирлер жазылып, алардын биринин автору «Акипресс» маалымат агенттигине мурдагы спикер Абдыганы Эркебаев болгон. Камакта отурган мурдагы президенттин тарапташтары акыркы убакта кыйла активдеше түшкөнү да белгилүү. Бирок бийликти басып алуу аракетине далил болчу фактылар баары бир эл көзүнө көрүнө элек. Соцтармакта тарап жаткан фейк маалыматтарды эсепке албай эле коюш керек.
Алмаз Сарыбаев коомчулукка буга чейин анча аты чыккан эмес.
Ал эми Курсан Асанов Ош коогалаңын басууга жигердүү катышкан, былтыр абалды турукташтырууга олуттуу салым кошкон адам катары белгилүү. Акыркы жылдары бул кишиге карата туруктуулук бузулса эле «айланайын Курсан» деп суранып, баары бүткөндөн кийин иш козгоо адат болуп калды окшойт. Убагында ага олуттуу күнөө койгон Кашкар Жунушалиев өзү качып жүрөт. Анын үстүнө «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинде жүргөндө Адахан Мадумаровго окшоп «өткөнүбүзгө сүйүнүшүмдү да билбейм, күйүнүшүмдү да билбейм» деп эки анжы болбой, «булар бизге кыйынчылык болгондо жардамга келген, биз өтүп алып четте турганыбыз болбойт» деп батылдык кылганы да белгилүү. Айтор милициянын генералы эл арасында кыйла таасири бар адам экени талашсыз.
Бул ишти талдай келгенде дароо эле процедуралык баш аламандыгы таң калтырбай койбойт. Анткени негизинен өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө жана бийлигине каршы аракеттерге каршы ИИМ эмес, УКМК аракеттениши керек. Бирок УКМК тергейин десе анын жетекчиси өзү мындан ашкан кылмыш ишинин фигуранты болгон. Азыркы аудио жазуудан айрымаланып, ал кезде тартылган видеолордон атайын кызматтын азыркы башчысы Жогорку Кеңештин тосмосунан аттап өтүп жатканы так, даана көрүнүп турат. Аны элдин баары көргөн, чакырыктарын өз кулагы менен уккан. Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетерин айтканына карабай резиденцияга чейин барып шаштырып туруп алгандар кимдин тарапкерлери экени андан бетер белгилүү. Демек, атайын кызмат бул ишти иликтейин десе таптакыр эле күлкү келерлик болгону турат. ИИМге тапшырылганы ушуга байланыштуу эмеспи деген суроо туулат.
Бийликти басып алууга, башкача айтканда улуттук коопсуздукка байланышкан берене боюнча саясатчыларды УКМК эмес, ИИМ кармап жатса, тескерисинче ИИМдин түздөн-түз карамагына кирген Камчы Көлбаевди УКМК кармап, өз пиарына пайдаланып жатса — баш аламандык дебегенде эмне дейбиз?
Мунун башка да себептери бар. Ушул күнгө чейин ушундай эле берене менен камакка алынган Жеңиш Молдакматов менен Тилекмат Кудайберген уулунун кармалышына да эмгиче олуттуу негиз табылган жок. Анткени эгерде аларды былтыркы окуялар боюнча күнөөлөсө анда азыркы бийликтин башында тургандар кайрадан түрмөгө барышы керек. Президент Садыр Жапаров шайлоого аттанып жаткан кезге карата соттон расмий акталганы тууралуу документти ушул күнгө чейин көрсөтө элек. Иши кайра кароого жөнөтүлгөнү тууралуу кагаз андай документ болуп бере албайт. Саясий негизде соттолгон дейин десе, өзү мунапыс сураган, анысы күнөөсүн мойнуна алган менен барабар. Ишенбесеңер каалаган юристтен сурагыла. Кыскасы, бийликтин бул жагынан да тили кыска. Ошондуктан ал кездеги окуялардын негизги катышуучуларынын оозун жабуудан башка айласы жок. Бирок шибегени капка ката албайсың. Тилекмат Кудайберген уулу камалаар алдында видео кайрылуу таратып, «Камчыбек Ташиев былтыркы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тагдырын унутуп коюп, Сооронбай Жээнбеков менен соодалашып отурган» деген мааниде кайрылуу таратууга үлгүрдү. Камчыбек Ташиев аны жокко чыгарганы байкалган жок. Сооронбай Жээнбеков комментарий бере элек. Бул билдирүү чын же калп экенине карабастан, эмне үчүн убагында айтылбаганы да чоң маселе.
Ушул жагынан Курсан Асанов былтыркы шайлоо кандай өткөнүн жакшы билет. Өзү андагы мыйзам бузууну ашкерелейин деп жатканда иш козголгону жакшы маалым. Экинчиден, ал Камчыбек Ташиевдин саясий беделине чоң салым кошкон Ош коогалаңынын чоо-жайынан да жакшы кабардар. Үчүнчүдөн, ал Атамбаевге жакын киши катары ИИМдин мурдагы президентке карата чыныгы пландары тууралуу да маалыматы болгон деп айтууга толук негиз бар. Атамбаевди тирүү куткарып чыкканы үчүн тиш кайрагандар азыр да толтура. Айтор, Курсан Асанов – былтыркы окуялардын катышуучуларынын ичинен эң таасирдүү тирүү компромат. Аны оор кылмышкерлер отурган №50 колонияга которуу аракетин бул тирүү компроматты сындыруу далалатынан башка нерсе менен түшүндүрүү кыйын. Болбосо кылмышкерлерге каршы күрөшүүчү мекеменин жогорку даражалуу офицерин так ошолордун арасына отургузуу иш жүзүндө милициянын кызыкчылыгына каршы чыккынчылыктан принципиалдуу эмне айырмасы бар? Болсо күч түзүмдөрү буга каршы өз жүйөлөрүн айтар. Азырынча айта элек.
Бирок бийлик өз оппоненттерине карата мындай ыкмаларды колдонуп жатканы түпкүлүгүндө өзүнө да, туруктуулукка да зыян. Анткени алдыдагы парламенттик шайлоо мурдагыдан да татаал схема менен өткөнү турат. Партиялык системаны сындап келгенине карабастан, Садыр Жапаровдун бийлиги жаңы Конституцияны кабыл алып жатканда ага кайрадан кеңири жол берди. Себеби депутаттар жалаң бир мандаттуу округдардан шайлана турган болсо жер-жерлерде төбөсү көрүнүп калган жаштар көп келмек. Аларды башкарыш кыйын. Бийлик ошондон коркту да, партиялык тизме үстөмдүк кылган системага жол берди. Бул жолу партиянын ичиндеги талапкерлерге да өзүнчө добуш берилген атат. Эгерде анын айынан чыр чыга турган болсо, аймактарда чечилбеген чатактын баары кайра эле чогулуп келип Бишкекке бир тийет. Айтор, шайлоо тынч өтөт деген кепилдик жок.
Ага кошумча боло турган негизги нерселердин сап башында социалдык-экономикалык абал турат. Кымбатчылык күчөп, быйыл суунун жоктугунан улам далай дыйкандар күйүп кетти. Сууну бөлүштүрүүдөгү өкмөттүн ролуна карата айыл жериндегилердин нааразылыгы басыла элек. Баткен окуясы, андан кийинки кадамдар жаңы бийликтин аброюн эбегейсиз түшүрдү. Капитал тышка качып, ишкерлердин бир топ бөлүгү акчасын чыгарып кетти. Электрдин баасы көтөрүлсө бул калк арасындагы нааразылыкты ого бетер күчөтөт.
Туруктуулукка коркунуч туудура турган жагдайлардын дагы бири – Бишкектин тегерек-чети. Жер-жерлерден чогулуп келгиче баш калаанын айланасынан борбордук аянтка түшүп келе калыш оңой, аны жөнгө салуу кыйын. Былтыркы окуяларда Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев баштаган топ президенттик администрацияга биринчи баштап киргени, кийин Кадыр ошондогу жигиттик келишимди эске салып Садыр Жапаровго видео аркылуу кайрылганы бар. Алмазбек Атамбаев бошотулган жок. Демек, бул карама-каршылык да чечиле элек.
Мындай шартта элге төбөсү көрүнгөн саясатчылар аздыр-көптүр туруктуулукту камсыз кылган жагдайга айланат. Анткени алардын эмне кылары, кызыкчылыктары, эмнеге даабай турганы аздыр-көптүр белгилүү. Мындай саясатчыларды камап салса ордуна эл арасынан суурулуп чыга тургандар алда канча опурталдуу. Азыркылар эмне кылары белгилүү, ал эми жаңылары эмнеге барары белгисиз. Башкарылбай стихиялуу түрдө көтөрүлгөн эл диалогго барышы ого бетер кыйын. Мындан келди, элге алынып калган саясатчыларды камакка алуудан мурун ушундай жагдайларды эске алуу туруктуулук жана коопсуздук жагынан бийликтин өзүнө эле пайдалуу.
Эгерде Кыргызстанда саясий туруктуулук олуттуу бузула турган болсо андан түздөн-түз пайдалангысы келген бир гана тарап бар. Ал – Бакиевдердин кланы. Беларуста бийлик олку-солку болгондон тартып алардын өрүшү тарыды. Лукашенконун башкаруусу түбөлүк эмес экенин да түшүнүп турушат. Минскиде жаңы бийлик келсе тил табышар-табышпасы, тил табышса кандай шарт коеру белгисиз. Демек, алар өздөрүнө Кыргызстандан кошумча аэродром камдап жатканын мурда эле жазганбыз. Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да убагында Курманбек Бакиевдин командасында болгонун өздөрү деле танбаса керек. Демек, мурунку байланыштарын эске алганда, эң оңой тил табыша турган тарап – Кыргызстандагы азыркы бийлик. Булардын талуу жерин да алар абдан жакшы билет. Аскар Акаевдин эч кандай жазага тартылбай жылмайган бойдон чыгып кетиши да коомчулуктун аң-сезимин көндүрүп, бара-бара ошондой процесстерге жол ачкандай болду.
Бирок Бакиевдер легитимдешип кайтып келүүгө аракет кылса аймак аралык араздашууга жол ачылат. Өлкө үчүн эң чоң коркунуч ушул. Андай шарттагы бийлик азыркылардын өзүнө деле буюрбайт. Анткени эки кочкордун башы батпаган казанга беш кочкордуку ого бетер батпайт. Бири биринин сырын жакшы билишет, андыктан ошого жеткирбеш керек.
Ушулардын баарын эсепке алганда, азыркы бийлик үчүн жакын арада төмөнкү кадамдар абдан пайдалуу болгону турат:
1) Саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартып, камактагыларын бошотуу. Бул бийликке саясий аброй гана алып келет.
2) Бийлик башындагы адамдар жана алардын жакындары түзгөн партияларды таркатып, шайлоо чыр-чатаксыз өтүшүнө салым кошуу. Парламент азыр ансыз деле президентке салыштырмалуу начар позицияда, корко турган эч нерсе жок. Парламентке өз партияларын сүйрөп келгенге караганда шайланып келгендери менен тил табышып алуу алда канча оңой.
3) Коопсуздук кеңешинин ролун күчөтүп, анын чечимдерин күч түзүмдөрүнүн баары кыңк этпестен аткара турган шарт түзүү. УКМК өз функциясы, ИИМ өз функциясы менен алектенишине толук жетишүү.
4) Коррупцияга каршы өзүнчө мекеме ачып, анын жетекчи органдарына активисттерди, ЖМК өкүлдөрүн, коомчулуктун кеңири катмарын тартуу.
5) Камчыбек Ташиевдин саясий дымагына жана жекече мүнөзүнө жараша башка чоң бир кызмат караштырып, ошол жакка дайындоо. Бирок ал кызмат коопсуздук тармагына тиешеси болбошу керек.
Ушу тапта Садыр Жапаров иштейин десе жолтоо болгон саясий күчтөр деле жок. Эки тизгин, бир чылбыр президенттин колунда. Бирок дал ушунусунан улам иштебешке шылтоо да жок. Андыктан өзү айткан жоопкерчиликти мойнуна алып, тиешелүү чечимдерди кылчактабастан кабыл ала турган убак эчак эле келип, бир жылга жакындап баратат.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Асанов менен Сарыбаев…

Эске сала кетсек, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кечээ, 16-сентябрда кайрадан камакка алынды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалды. Бу жолу ага “Бийликти күч менен басып алуу” деген айып тагылды.
Белгилей кетсек, Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио социалдык тармактарга тараган.
Биринчи Май райондук соттун чечими менен Алмаз Сарыбаев да 15-сентябрда 2 айга камалган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.