ВИДЕО — Бакыт ОРУНБЕКОВ: «Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров Мелис Эшимкановдун артынан ээрчип алышчу…»

ВИДЕО — Бакыт ОРУНБЕКОВ: «Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров Мелис Эшимкановдун артынан ээрчип алышчу…»

Эсен болуп, эстей жүр!

18-сентябрь, дал ушул күнү айтылуу Мелис Эшимканов менен коштошуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлуп, кыргыздын мыкты бир уулун акыркы сапарга узатканбыз. Андан бери айлар агып, мезгилдер алмашып билинбей 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо быйыл 9-декабрда 59 жашка чыкмак экен…

Бирок, элеси эскирбей аны жакшы билген, сыйлаган, урматтаган, жакшы көргөн жүрөктөрдө жашап, жыл сайын эскерилип келет. Быйыл да жубайы Асел Эшимканова 15-сентябрда жолдошунун бейитинде эскерүү уюштуруп, куран окутту Ошондо жердеши, журналист Бакыт Орунбеков Мелис Эшимкановдун кылык- жоруктарын айтып берип, элди күлдүргөн.

«Кеткенский, келгенский» деп жүрүп орусчаны үйрөнгөн экен…»

— Биз Мелисти түшүнүп да, түшүнбөй да калыппыз. Ал төрөлгөндө эле «адам болобу же болбойбу» деген маселе болуптур. Атасынын агасы айылга алып кетип, ырым-жырымын кылып, адам кылып бериптир. Анан айылдан шаарга ата-энесинин колуна келип жатпайбы. «Орусча билбейсиң» деп Кызыл-Аскердеги кошуна балдар оюнга кошпойт экен да. Мелис билем деп «келгенский», «барганский» деп сүйлөп, балдар менен мушташып чоңоюп жатпайбы…

Түгөлбай байке айткандай, көзү ачыктык жайы бар болчу. «Жаштык жарчы» гезитине кабарчы болуп келгенде, «Мен 5 жылдан кийин редактор болом»,- дептир да. Анан айтканындай эле, редактор болбоду… Ушундай бир бунтарь болчу да. Артынан элди да, саясатчыларды да ээрчите алды. «Бей-бечара» деген партия ачканда, анын артынан бүт Кыргызстан ээрчибедиби. Кичинекей Мелисти упузун болгон Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров жана башка саясатчылар ээрчип алышчу… Саясатчылардын баары анын сөзүн угушчу…

Мелистин дагы бир эрдигин айтайын. Мисалы кимдир бирөөнү эле «Кудайым, пайгамбарым» деп аташ кыйын, туурабы?. А Мелис Кубатбек Жусубалиевди «Кудайымдай көрөм» дечү да. Ал боюнча өзүнүн жазганы да бар. Анан ошол пайгамбарын да укпай жатпайбы. Кубатбек Жусубалиев: «Эй, Мелис, саясатыңды, журналистикаңды да ташта, баарын токтот! Жүр, Алайга, Гималайга кеттик!» десе, болбой, кетпей жатпайбы…

Эми ушуга окшогон Мелистин өмүрүндө өткөн көп нерсени айтса болот. Мелис ушундай бир дүрбөлөң салган адам катары менин эсимде калды. Биз Мелисти унутпайбыз, эстейбиз, жүрөгүбүздө сактайбыз! Жаткан жери жайлуу болсун!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Бакыт Орунбековдун буга чейинки эскерүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.