ВИДЕО — Ибрагим ЖУНУСОВ: «Мелис уюштургуч болчу. Шайлообек Дүйшеевдин мааракесин мыкты өткөргөн эле…»

ВИДЕО — Ибрагим ЖУНУСОВ: «Мелис уюштургуч болчу. Шайлообек Дүйшеевдин мааракесин мыкты өткөргөн эле…»

Эсен болуп, эстей жүр!

18-сентябрь, дал ушул күнү Мелис Эшимканов менен коштошуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлуп, кыргыздын мыкты бир уулун акыркы сапарга узатканбызАндан бери айлар агып, мезгилдер алмашып билинбей 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо быйыл 9-декабрда 59 жашка чыкмак экен…

Бирок элеси эскирбей аны жакшы билген, сыйлаган, урматтаган, жакшы көргөн жүрөктөрдө жашап, жыл сайын эскерилип келет. Быйыл да жубайы Асел Эшимканова ушул күнү жолдошунун бейитинде эскерүү уюштуруп, куран окутту…

Ошондон бери достору, чогуу иштеген кесиптештери эсте калган мезгилдерди барактап эскерип берүүдө. Бүгүн болсо, мурдагы ЖК депутаты, мурдагы вице-премьер-министр, учурда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов жаштык кез табыштырган досун эскерип берди…  

Ибрагим ЖУНУСОВ: «Кичинекейлер кыйын: Ленин, Гитлер, Наполеон, мен» деп тамашалап калчу…»

Мелис Эшимканов унутта калбай турган инсандардын бири. Анткени ал мыкты журналист, мыкты саясатчы, мыкты жазмакер болчу. Жазгандарын окуп жүрөм. Курч, мурч жазчу эмес беле, кайран досум. Журналистикада сөз эркиндигинин өсүп, өнүгүшүнө жол салуу Мелистен башталган. Анткени ал бийликтен коркпой, тайманбай таамай жазчу. Деңгээли бийик болчу. Кимдин кандай адам экенин бир сүйлөшкөндө эле билип койчу. Бирок, бой көтөрчү эмес, анын деңгээлине түшүп алып сүйлөшө берчү. Эгерде көңүлүнө жакпаган адам болсо, анын бетине айтып, басып кетчү. Эгер жактырган адамы болсо, анда аны менен таң атканча сүйлөшүп отурууга даяр адам эле. Тамашөкөй куудул болчу. «Негизи кичинекейлер кыйын болот, Ленин, Гитлер, Наполеон, мен. Атым эле эмнени айтып турат: Маркс, Энгельс, Ленин и Сталин деп чечмеленет»,- деп боорду эзчү. Достору — Бегалы Наргозуев, Турусбек Мамашов болуп чогулуп отуруп калганда, Мелистин ушундай кылык-жоругун эстеп, күлүп калабыз. А чындыгында, Мелистин кыйыны кыйын болчу, жогоруда аты аталган тарыхый инсандардын ар биринин мүнөзү Мелисте бар болчу. Кыска өмүрүндө эле көп иштерди жасап, артына из калтырып кетти. 

Мелисте адамгерчилик да өтө бийик болчу. Намыскөй эле. Укмуш уюштургуч болчу. Мен вице-премьер-министр болуп турганда, бир күнү «Дасмияга» чакырып калды. Ал жерге барсам, Турусбек Мамашов менен Шайлообек Дүйшеев бар экен. Көрсө, Мелис Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдыгына кам көрүп жатыптыр. «Шакемдин 60 жылдыгы мамлекеттик планга, дегеле эч жерге кирбей калыптыр. Ушундай залкар акындын мааракесинин өтпөй калганы уят. Ошондуктан Филармонияда өткөрүп берели деп жатам» деген оюн ортого салып, пландап тараганбыз. Мелис пландагандай, Шайлообек Дүйшеевдин мааракеси Филармонияда жогорку деңгээлде өттү. Не деген залкарлар келди, андагы президент да келди. Маараке ээсине машина да мингизишти. Ага баарыбыз эле күбө болбодукпу…

Мелистин саясатта да орду чоң болчу. Бийлик менен оппозициянын башын бириктирүү жагынан кыйын эле. Эми Мелис тууралуу айта берсек, узун кеп. Биз досубузду эч качан унутпайбыз. Анткени ал 10 жыл болобу, 20 жыл болобу, 50 жыл болобу, эстеп туруучу тарыхта калган инсан. Мелис досубуздун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

2011-жыл. 18-сентябрь. Ибрагим Жунусовдун досун акыркы сапарга узатып жаткандагы сөзү:

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы», биз сыймыктанган Мелис байкебиз, Түгөлбай (Казаков) байке айткандай, бир эле күн эмес, күндө эстеп, жазып турчу мыкты инсан.

Биз Мелис байкебиз менен байым Эрнисти эч качан унутпайбыз! Гений ага-инини дайыма эстеп, жазып турабыз. Жазган макала, эссе, аңгеме, котормолорун Эрнис негиздеп, бир учурдагы «Асабадай» окурман журтчулугуна кызмат кылсын таштап кеткен «Алакан» сайтыбызга берип турабыз…

Эсен болуп, эстей жүр, окурманым!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.