Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болоору, ага Алмазбек Атамбаев келээри күтүлүүдө…

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болоору, ага Алмазбек Атамбаев келээри күтүлүүдө…

Бүгүн, 20-сентябрда, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болоору, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев келээри күтүлүүдө. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев ММКга билдирди. Анын айтымында, экс-президиенттин ден соолугу жакшы болсо, ал сот отурумуна катышат.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму апрелде токтоп калган. Бул ишти карап жаткан судья Азирет Медеровдун ооруп калгандыгына байланыштуу 13-сентябрда да болбой калып, 20-сентябрга жылдырылган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болуп, Москвадан дарыланып, 6-апрелде Бишкекке учуп келип, Кыргызстанда дарылануусун улантууда.

Кой-Таш окуясы боюнча жалпысынан 19 адамга айып тагылып, 14нүн иши сотко өткөн. Калган бешөөнүн иши тергөө менен кызматташууга макул болгондугуна байланыштуу өзүнчө тергелүүдө. Айыпталуучулардын арасында экс-президент А.Атамбаев, ЖК депутаттары А. Кодуранова, И.Карамушкина, экс-депутаттар Р.Жээнбеков, М.Мискенбаев, президенттик аппараттын мурунку башчысы Ф.Ниязов, КСДПнын расмий өкүлү К.Жолдубаева, УКМКнын кызматкери К.Сагымбаев жана башка башкалар бар.

Кыргызстанды 6 жыл башкарган Атамбаев ушурда Бишкектеги №47 колонияда. Биринчи май райондук соту Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Мындан тышкары, Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда, иши Биринчи май райондук сотунда каралууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.