Жер маселеси боюнча алдап жүргөн адам кармалды. Жабыркагандар ИИМге кайрылгыла!

Жер маселеси боюнча алдап жүргөн адам кармалды. Жабыркагандар ИИМге кайрылгыла!
Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 20-сентябрда билдирди.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкектеги жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатта алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.К. кармалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жаран Ж.К. Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Башкы прокуратурасынын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алдоо жолу менен алгандыгы, жарандарга жалпы суммасы 21 500 АКШ долларында чыгым келтирилгендиги аныкталды.
Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаран Ж.К. Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Кармалган жаран Ж.К.дан жабыркаган жарандар болсо же ал боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билишсе, 0702-20-40-70, 0705-00-88-08 телефон номурларына кабарлашса болот.
ИИМ Кыргызстандын жарандарынан сак болууну суранат жана жер тилкелерин сатып алууда бардык документтерди дыкат текшерүү керектигин, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү убашкаруу органдарына кайрылууну эскертет.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.