Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Назар, «Алиби», «Ачык саясаттын» журналисттери элге микрофон да, рупор да, туу да болуп берди»

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Назар, «Алиби», «Ачык саясаттын» журналисттери элге микрофон да, рупор да, туу да болуп берди»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын  Жээнбеков Бабырбек Субанович 30-сентябрда, саат 12-00дө «Достук» мейманканасындагы «Империя Холлдо» эскерилет.
Маркумдун 70 жылдык мааракесине арналган «Устат баскан улуу жол» аталышта иш-чара өтөт. 3 гезитте («Назар», «Алиби», «Ачык саясат») иштеп кеткен журналисттер жана шакирттери эскерет. Бул асыл адамдын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болуп кеткендери да бар.
«Алакан»

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Жанын оозуна тиштеп, Бакиев бийлиги менен аягына чейин күрөшкөн 3 гезиттеги журналисттер болгон»

— Бабырбек мырза, эркин жүрүп калган кишиге мамлекеттик кызматты алып кетүү кыйын эмес бекен?

— Негизгиси, ишке дитиңди коюп, берилип иштесең бүтпөй турган нерсе барбы? Мактанбайын, бирок, билим жагынан көптөргө алдырбайм. Жамаат менен таанышууга келгенде, аларга ачык эле: «Бул иш менен тааныштыгым жок. Демек, силердин жардамыңарга муктажмын. Ошол эле убакта, бир нерсеге бат уйрөнөм. Юрист катары ар нерсеге сынчы көз караш менен баа берүүгө дараметим жетет. Силерден биринчи суранарым – бириңердин артыңардан бириңер ушак айтпасаңар эле калганын жөндөп кетебиз. Мен силерге жетекчи катары эмес, бир тууган агаңар катары келдим. Кандай иш болбосун чогуу, акылдашып чечкенге аракет кылалы»,- деп айткам. Кудайга шүгүр, бири-бирибизди туура түшүнүп, чогуу- чаран иш жүргүзүп келатабыз.

— Сизди бул кызматка гезиттер, журналисттер алып келди да, туурабы?

— Туура. Бүтүндөй Кыргызстанга менин атымды чыгарып, дүйнөлүк абройлуу уюмдардын отчетторуна чейин менин атымды киргизген — «Алиби, «Ачык саясат», «Назар» гезиттери, аларда иштеген эр жүрөк журналисттер болду. Силер кыргыз элине микрофон да, рупор да, туу да болуп бердиңер.

Бакиев режими менен ачыктан-ачык, жанын оозуна тиштеп, тайманбай аягына чейин күрөшкөн – «Ачык саясат», «Алиби», «Назар» гезиттери, «Азаттык» үналгысы болду. Атамбаев, Текебаев, Сариев, Исаковдун ачуу чындыгын, көйгөйлөрүн ошол убакта ушул гезиттер жеткирип турбады беле эл-журтка. Андай болсо, ачуу болсо да айтайын, эмне үчүн алардын бири да бүгүн ал гезиттердин ал-жайын сурап, эмгек жамааты менен жолугуп койгонго жарабайт? «Биз менен чогуу болгон гезиттерге жардам беребиз» деген Алмазбек Атамбаевдин убадасы бар эле. Бирок, ал эртеби-кечпи адамдын жакшылыгын унутпайт жана айткан сөзүнө бекем турат. Убактысы болбой жатса керек.

— Гезит саясаты адамды дос да, кас да кылат эмеспи. Сурайын дегеним, сиз бир мезгилде Алмазбек Атамбаевди «авантюрист» деп жазып, катуу касташкандай таасир калтыргансыз. Бүгүн достошуп алгандайсыз. Бул сиздин утурумдук жаңылыштыгыңызбы же башка себеби барбы?

— Мен Алмаз Атамбаевди бүгүн деле «авантюрист» деп айта алам. Себеби, ал жасачу ишти башкалар тогуз толгонуп турганда, шарт эле жасап коюп жатпайбы. Муну анын эрдиги катары баалаганыбыз оң. Колунан иш келбеген адамдар авантюрист боло албайт.

Сен сураган учур тууралуу айтсам, популярдуу гезиттердин бири – «Ачык саясаттын» коллективинин экиге бөлүнүшүнө Атамбаев себепкер болгону, аны өзүнө пайдалангысы келгени чындык. Атамбаев менен 6 айдан кийин табыштык. Ал биринчи кол сунуп, кечирим сураганда, ага ыраазы болгом.

— Нурлан Турсункулов менен Элмурза Сатыбалдиев балаңыз Равшандын курсташтары турбайбы. Аларды кызматка Равшан көтөргөн дешет го? «Назар», «Ачык саясат» гезиттерине 5 млн айып салып, сотко берип, жаптырган Нурлан мырзаны объективдуу болууга чакырган жоксузбу?

— Элмурза Сатыбалдиевди билбейм. Бирок, ал кызматка келгенде, «курсташыбыз келди» деп куттуктап барышкандарын билем. Нурлан Турсункуловду айтсам, 2005-жылы Таластан бул жакка башкы прокурордун орун басары болуп келишине жардам бергенин уккам. Ал эми анын генпрокурор болгондогусун сөз кыла турган болсок, ал бизди кайра-кайра суракка чакырбады беле. Ошондо: «Нурлан, сенден жардам сурабай эле коеюн. Баары бир сен сотко бересиң. Иш сотко өткөндөн кийин гезиттин жабылганы ошол. Сенден бир гана нерсени суранам: жок дегенде гезиттин бирөөсүн калтыр!»,- дегем. Ал болгон жок, экөөсүн тең жаптырды. Ага деле макул деп оюн билейин деген кыязда: «Сага Бакиевдер буйрук бердиби?»,- десем, «Мага эч кимден эч кандай буйрук болгон жок. Менин милдетим – мыйзамды аткаруу. Антпесем, прокурор катары өзүмдү-өзүм кечирбейм»,-деген. «Сен кошоматчылык кылып жатасың. Эртеңки ойлон! – деп эскерткем.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Асман kg», 2010-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.