Назгүл МАМЫТОВА: «Устатымды көзүмдөн жашымды куюлтуп эскергенден башка аргам жок»

Назгүл МАМЫТОВА: «Устатымды көзүмдөн жашымды куюлтуп эскергенден башка аргам жок»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын  Жээнбеков Бабырбек Субанович 30-сентябрда, саат 12-00дө «Достук» мейманканасындагы «Империя Холлдо» эскерилет.
Маркумдун 70 жылдык мааракесине арналган «Устат баскан улуу жол» аталышта иш-чара өтөт. 3 гезитте («Назар», «Алиби», «Ачык саясат») иштеп кеткен журналисттер жана шакирттери эскерет. Бул асыл адамдын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болуп кеткендери да бар.
«Алакан»
Назгүл МАМЫТОВА: «Журналистикада устатым да, агам да, атам да болдуңуз!»
«Ачык саясат плюс» гезитинин ээси, редактору Назгүл Мамытова устаты Бабырбек Субанович тууралуу эскерүүсүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды:
Журналистикада устатым да, агам да, атам да болдуңуз! Мени башкалардан өзгөчө жакын көрчү элеңиз. Ооруп жүргөнүңүздө бир бардым. Жакшы сүйлөшүп отурдук. «Ии, ырас агай жакшы болуп калыптыр» деп кубанып калдым. Анан телефон чалышып, Ала-Тоо аянтынан жолугуп, бир кафеде чай ичип отуруп сүйлөштүк. Көп нерсе айткыңыз келди. Бирок мени жаш, түшүнбөйт дедиңизби ачылып сырыңызды айта албадыңыз. Болгону «Алибини» кайра чыгарып, элге аралашкыңыз келип жатканын айттыңыз. Ошол күн Сиз менен жолуккан акыркы күн болду. Анан күнүмдүк көр тириликтен чыгалбай кабар ала албадым. Акыркы уккан кабарым Сиздин бул өмүр менен кош айтышканыңыз болду. Угаарым менен бардым, бирок баары кеч эле…
Мага өз Апамдан кийин эле мээрим төгүп, кеп-кеңешиңизди берип, «кызым»- деп эркелетип чакырган Сиз элеңиз. Аттиң ай, көзүмдөн жашымды куюлтуп эскергенден башка аргам жок.
Бакиев бийлигин кулатууга зор салым коштуңуз. Ал кезде интернет, сайт дегенден элдин деги эле кабары жок эле. «Алиби» менен «Ачык саясат» 18 миң нуска менен жумасына эки жолу 36миң нуска чыгып, чындык калың элдин катмарына жетип турчу. Ошол учурда биздин редакциядан, Сиздин иш бөлмөңүздөн чыкпаган БЭК (кийин убактылуу өкмөтчүлөр) мүчөлөрү Сиздин эмгекти бааламак тургай, Сиз каза болгондо топурак салып, бата кылганга жарашкан эмес экен.
Тирүү болгонуңузда 70 жашыңызды белгилеп отурмак экенбиз. Сиз чыгарган гезиттерде иштеп кеткен журналисттер жана үй-бүлө жакындарыңыз менен чогуу 30-сентябрда «Достук» мейманканасында Сизди эскеребиз!
Агай, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Бейиштик болуңуз!
Баарыбыздын бараар жерибиз бир эле…
Назгүл МАМЫТОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.