Бабырбек Жээнбековдун 70 жылдык мааракесине арналган «Устат баскан улуу жол» иш-чарасы өтөт

Бабырбек Жээнбековдун 70 жылдык мааракесине арналган «Устат баскан улуу жол» иш-чарасы өтөт
Бүгүн, 30-сентябрда, саат 12-00дө Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын  Жээнбеков Бабырбек Субанович «Достук» мейманканасындагы «Империя Холлдо» эскерилет.
Маркумдун 70 жылдык мааракесине арналган «Устат баскан улуу жол» аталышта иш-чара өтөт.
«Назар», «Алиби», «Ачык саясат» иштеп кеткен журналисттер, шакирттери, коомдук ишмерлер, саясатчылар эскерет.
«Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерде иштеп кеткен журналисттерди, жакын санаалаш адамдарды чакырабыз! Эскерүүгө келип кетиңиздер!
«Алакан»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.