Күнболот МОМОКОНОВ: «Бабыр байке эски кеңсесинде иштеп жаткандай эле элес калтырат»

Күнболот МОМОКОНОВ: «Бабыр байке эски кеңсесинде иштеп жаткандай эле элес калтырат»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын  Жээнбеков Бабырбек Субанович бүгүн, 30-сентябрда, саат 12-00дө «Достук» мейманканасындагы «Империя Холлдо» эскерилет.
Маркумдун 70 жылдык мааракесине арналган «Устат баскан улуу жол» аталышта иш-чара өтөт. 3 гезитте («Назар», «Алиби», «Ачык саясат») иштеп кеткен журналисттер жана шакирттери эскерет.
Бул асыл адамдын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болуп кеткендери да бар.
«Алакан»

 «Журналисттердин сап башында Мелис Эшимканов менен Бабырбек Жээнбеков турат»

«Алиби» гезитинде иштеген журналист Күнболот Момоконов Бабырбек Субановичти мындай деп  эскерет:
Бабыр байкенин арабыздан кеткенине бир канча жыл өтсө да, дале арабызда жүргөндөй, баягы «Алиби» гезитин эски кеңсесинде иштеп жаткандай эле элес калтырат. Эч бир адамга каты айтпаган жумшак мүнөзү, сылык-сыпайычылыгы, атадай айткан акыл-кеңештери чын эле баарыбызды өзүнө арбап, арабыздан кетсе да «жок» дей албаганыбыз ошондон болсо керек…
Кыргызстандын эгемен тарыхында, өзгөчө эркин басма сөз айдыңында даңгыр чыйыр жол салып, аркаларында опол тоодой шакирттерин өстүрүп кеткендердин сап башында эки инсан ар дайым айтылып келет. Алардын бири — Мелис Эшимканов болсо, экинчиси дал ушул биздин устат Бабырбек Жээнбеков.
Бабырбек агайдын журналистикадагы өзгөчө орду — анын адилеттикти, калыстыкты, чындыкты, эркиндикти туу тутканында. Карапайым калкка кастарын тиккендерди, укугун бузгандарды көргөндө, укканда күн тындымын, түн уйкусун аябай чуркап, өзүнүн чыныгы кесиби юрист катары мыйзам чегинде күрөш жүргүзгөнүн көп эле көрдүк. Көп убактысын ушул багытка арнады, сыягы.
Кыргыз саясатында өзгөчө бурганактаган бийлик үчүн тынымсыз ар кандай багыттагы күрөш бир жылдары күчөп кетти. Эки революциянын эпкини саясатта оңой болгон жок. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок»- деген эзелки элдин улуу сөзүн уруп ойнобогон бийлик, анын эки тарабын тең кайракка бүлөп, башын да, тилин да кесмекке өттү. Бир топ басылмалар байма-бай жабылып, журналистердин өлүмү да аз эмес болду.
Мына ошол кездери, коомчулукту каалаганындай калчап, «өз билген намасыбызды окуйбуз» деген бийликтин кокосуна кылкан болгон — бул эркин басылмалар, бир топ журналист журту болду. Алардын арасында өзгөчө уюштургуч жөндөмүнүн бийиктиги, «түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз» сапаты менен Бабырбек Жээнбеков агайыбыздын бар экенин эч ким танбаса керек.
Мыйзамдуулук менен чындыктын көзүн жабам деген бийликтин корккону, саясатчылардан мурда эркин басылмалар, эркин журналистер эле. Ошол себептен, көп басылмаларга негизсиз айыптар айтылып, соттошуулар күчөп, четинен жаба баштаганы да чындык.
Гезитти жабууга аракет кылган бийликтин «кылтагына» улам башка гезитти чыгарып ( «Назар», «Ачык саяат», «Алиби») жүрүп, Бабырбек Жээнбеков агай бийликтин эл ойлобос, тоң моюн аракетинин сары изине чөп салды десек болот.
Аталган үч гезит иштеп турганда, кыргыз саясатчыларынын бир тобу ошол редакциянын кеңсесинен чыкпай, ал турсун ар кандай уюштуруу иштерин ошол жерде кеңешип турушканы да Бабыр байкенин кандай жетекчи жана саясий иш чараларды уюштурууда мыкты экендигин билгизип турат.
Агайыбыз тууралуу айта берсек сөз көп.
Аларды кенен жаза турган да кез келээр.
«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» дегендей, бүгүн, 30-сентябрда «Достук» мейманканасынын салтанат өргөөсүндө Бабырбек Жээнбеков агайыбыздын 70 жаш мааракесин утурлай, эскерүү кечеси өткөнү турат. Ал жерде да көп сөз болоор, айтылаар… Арбагы бир оодарылаар…
Ар дайым эркиндикти сүйгөн элиңиздин, кесиптештериңиздин жүрөгүндөсүз Бабырбек агай!
Күнболот МОМОКОНОВ

Архивден…

Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Айтканынан кайтпаган көкжал — Мелис Эшимканов менен Бабырбек Жээнбеков болду»

Бабырбек Субанович 2019-жылы жазында узак оорудан каза болуп, 23-мартта жерге берилген. Маркумду акыркы сапарга узатып жатканда Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов мындай деп эскерген:

Эгерде Кыргызстанда эки журналист бар десе, ошонун бири, Мелис Эшимканов менен Бабырбек Жээнбеков болду. Булар өздөрүнүн принципиалдуулугунан, билгич, сезгич адистигинен танбай, калп айткан жок, саясатчы катары да, журналист катары да айтканынан кайтпаган көкжал, азамат эле. Мындайлар чанда гана болот.

«Мен дешчү эмес…»

Анатай агайыбыз менен кесиптешибиз Күнболоттун айтканында калет жок. Мелис Асаналиевич менен Бабырбек Субанович мыкты журналист, мыкты саясатчы болгону кашкайган чындык. Опол тоодой иш кылышса да «МЕН» деген нерсе жок болчу. «Мен биринчи атаман, сен экинчи атаман» деген жаман сапаттар бул адамдарда жок болчу. Ушундай жакшы сапаттары, адамгерчиликтери менен биздей жаман журналисттерге үлгү болуп кетишти. Биз ушундай улуу инсандарды эч качан унутпайбыз! Агаларыбыздын жаткан жерлери жайлуу болсун!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.