Момбековдун өкүнүчү. Жээнбековдун каты. Абыкеевге нааразычылык, элге ыраазычылык

Момбековдун өкүнүчү. Жээнбековдун каты. Абыкеевге нааразычылык, элге ыраазычылык
Эсен болуп, эстей жүр!
Бүгүн, 30-сентябрда Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттерге устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек Жээнбеков «Империалда» «Устат баскан улуу жол» аталышта эскерилди.
Эскерүүгө Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов, белгилүү драматург Бурул Калчабаева, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Турат Мадылбеков, экс-спикер Акматбек Келдибеков, укук коргоочулар Токтайым Үмөталиева, Турсунбек Акун, Өндүрүш Токтонасыров, журналисттер жана шакирттери катышты.

Бийликтегилер эмнеге келген жок?

Бул иш-чарага мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министри Кайрат Иманалиев да чакырылганын иш-чараны алып барган кесиптешибиз Канышай Мамыркулова айтып, «Жок дегенде өкүлдөрүн жибериши керек болчу» деп алардын кетирген кемчилигин баса белгиледи. Катышуучулар алардын келбегенин маркумдун уулу Равшан Жээнбековдун абакта отурушуна байланыштырып, «Баласы үчүн атасы күнөөлүүбү? Маркумдун көзү өтүп кеткенине 3 жыл болду. Бийлик арбакты сыйлаш керек болчу»,- деп нааразы болушту. Депутат Рыскелди Момбеков айткандай, бул иш-чараны уюштуруучулар эмес, Абыкеев менен Иманалиев өткөрүшү керек болчу. Токтайым Үмөталиева Чолпонбек Абыкеевдин Курманбек Бакиев бийлигинде (агезде ал президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси болчу — авт.) Таласка барып, «Манас ордо» тарыхый комплексиндеги казуу иштериндеги кылыгын эске салып, агынан жарылды.

Рыскелди МОМБЕКОВ: «Бабырбек байке кеменгер, кең пейил адам эле»

Сүйлөгөндөрдүн баары Бабырбек Жээнбековдун адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, берешендигин жана чындык деп чыркырап жүрүп өткөнүн баса белгилешти. Алгачкы сөз айылдашы, Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановго берилип, Бабырбек Субановичтин айкөл адам болгонун баса белгилеп, журналист, саясатчы эле эмес, акын болгондугун айтып, ырларын китепке айлантууну сунуштады.
Акындардан кем калышпай, уйкаштырып сүйлөп, угуучуларды муютуп койгон депутат Рыскелди Момбеков устаты болгонун моюндап, чогуу иштегендеги урунттуу окуяларды баяндап, кенебестигин баса белгилеп, шашпай тамак чайнаганына чейин айтып күлдүрдү.  «Бабырбек Субанович жөнүндө айылдашы агасы Анатай аке жашырып айткан жок, ашырып айтты. Акылдуу кебин айткан жок, акыйкат кебин айтты. Бабыр акенин баатырдыгын, мүнөзүн, көп нерселерин көркөмдөп айтты. Уулу Равшан менен дос болуп жүргөндө жарымыбыз «Папаша» десек, жарымыбыз «Бапый ака» деп койчубуз. Бул киши эч нерсеге кенебеген, кебелбеген, кейибеген, эрикпеген, терикпеген, кеменгер, кең пейил адам эле. Менин бир өкүнүчүм «Ала Арча» көрүстөнүнө сөөгү коюлбай калганы болду. Мамлекет тараптан «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамын жок экен» деген кеп айтылды»,-деп кейиди.

Эки жакшы жаңылык

Иш-чараны уюштуруучулардын бири Канышай Мамыркулова эки жакшы жаңылык айтты. Аны бу жердеги ВИДЕОдон угуңуздар.

«Азаматтын ак таңы — алган жары, өмүрүн улап турган — балдары»

дегендей Бабырбек Субановичтин жубайы, балдары уюштуруу топко, келип эскерип берген адамдарга ыраазычылыктарын билдиришти. Эскерүүнүн чыгымын көтөргөн небереси Азат Равшан уулу чоң атасы чындык деп өтсө, атасы акыйкатты айткандыгы үчүн абакта отурганын айтып, Жээнбековдордун тукуму тайманбай таасын, чыркыраган чындыкты, акыйкатты айта берээрин баса белгиледи.
Анан атасынын катын окуп берди. Анда Равшан Жээнбеков атасы менен сыймыктанаарын, атасынын эмгегин эскерип жаткан саясатчыларга, коомдук ишмерлерге, журналисттерге жана иш-чараны уюштурган шакирттерине ыраазычылыгын билдириптир.
Аягында ыраазычылык билдирген жубайы Таалай Абдурасулова эжебиз «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
— «Адамдын кандай өлгөнү эмес, кандай жашаганы маанилүү» деген сөз бар эмеспи, анынсыңарындай Бакем жакшы жашады, маанилүү, маңыздуу өмүр сүрдү. Билими менен бир топ кызматтарды аркалап, элине аздыр-көптүр кызмат кылды. Юридикалык жактан да, журналистикада да өз ордун тапты, кадыр- барк күттү. Журналистикага кеч келсе да көп иш жасап, мына өзүңөрдөй канчалаган шакирттерди таптап, мыкты журналисттерди тарбиялап, устат боло алды. Ал эми кандай устат, кандай насаатчы болгону силердин айткан кептериңерден, ушунча чогулган элден билинип турат. Мен эми анын коомдогу ордуна, журналистикадагы басып өткөн жолуна анчейин токтолбой эле коеюн. Аны ансыз деле өзүнөр жакшы билесиңер. Мен бир түндүктүн алдында бирге жашоо кечирген өмүрлүк жары катары анын кандай адам экендигине, балдарына кандай ата, кандай чоң ата, кандай таята болгондугуна токтоло кетейин.
Албетте, өмүрлүк жолдошуңду эскерүү, жоктоо канчалык оор экенин жакынынан айрылган адамдар гана билсе керек. Бирок, маркумдун артында эскерүүдөн, жоктоодон, куран окуудан башка колубуздан эч нерсе келбейт экен. Тирүүчүлүктүн, жашоонун мыйзамы ошондой тура. Бакем чынында адамдын алтыны, асылы болчу. Ким болбосун жардам берүүгө шашып турчу. Мүнөзүндө жумшактык, жөнөкөйлүк, мээримдүүлүк ошол эле маалда беттегенин бербеген өжөрлүк, кайраттуулук бар болчу. Улуу-кичүү, колунда бар, колунда жок, бийликте, бийликте эмес дебей, бардыгына бирдей мамиле кылчу. Кошомат кылуу дегенди билбей, качан болбосун акыйкатты сүйлөп, адилеттикти талап кылып, алсыздарга болушуп тураар эле. Ал ушундай мүнөзү менен улуу-кичүүгө үлгү болду. Үйдө балдарына жакшы ата, мага жакшы өмүрлүк жолдош болду. Экөөбүз катуу урушуп, көңүлүбүзду оорутуп, катуу сөз айтышкан жокпуз.
«Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири бол» дегендей, мен ушундай адамдын жары болгонума, ушундай адам менен жашаганыма ыраазымын. Жолдошум менен дайыма сыймыктанып келгем жана сыймыктана берем. Эмне дейм эми, Бакемдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт. “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей, сөзүмдүн аягында ушул эскерүүнү өткөрүп жаткан балдарына, неберелерине жана уюштуруучуларга, кесиптештерине, шакирттерине жубайы катары ыраазычылыгымды билдирем!

Чачыла…

Аягында Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов агабыздын жубайы, кыргыздын каада-салтын жакшы билген Бурул Калчабаева эжебиз уюштуучуларга ыраазычылыгын билдирип, «Бабырдын арты жакшы болсун, шакирттери, балдары өнүгүп- өссүн деген ниетте, агайыңардын атын даңазалаган, арбагын ыраазы кылган силерге-журналисттерге айылдаштарынын атынан чачыла жасап келдик. Аманчылыкта жүрөлү«,-деп Бабырбек Субановичтин жубайына, кызына, журналисттер Айгүл Бакеева, Канышай Мамыркулова жана Назгүл Мамытованын баштарына жоолук салып, Күнболот Момоконов, Тынчтык Алтымышев жана небереси Равшан уулу Азатка ак калпагын кийгизди.

Эрнис АСЕК уулу: «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам»

Бүгүнкү эскерүүдө айтылгандын баары ак сөз. Чынында эле Бабырбек Субанович алтын адам болчу. «МЕН» деген жаман сапаттан алыс, ар бир ишке калыс, журналист, шакирттеринин баарына бирдей мамиле кылган жакшы адам эле.
Мен дагы Бурул эже менен Таалай эженин жогорудагы айткандарына кошулам, арты жакшылык болсун. Маркум жолдошум Эрнис айткандай, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам».
«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп байым жазгандай, сиздер болгонсуздар, болосуздар жана биз үчүн барсыздар. Талантыңыздарды, баркыңыздарды билгендердин эсинде болуп, алардын эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайсыздар.
Уюштуруучу топко башымды ийип, терең ыраазычылык билдирем. Бабырбек байке да ордунан бир оодарылып, шакирттерине ыраазы болгондур…
Бабыр байке, Эрнис, жаткан жериңиздер жайлуу болсун!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Абактагы Равшан Жээнбековдун катынын толугун, бүгүнкү жана гезитке чыккан эскерүүлөрдү эртең, 1-октябрдан баштап окуй аласыздар!
Бабырбек Субановичтин ата-энеси, бир туугандары, балдары, жубайы тууралуу маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.