Ташболот БАЛТАБАЕВ: “Мелис Эшимкановдон кийинки мыкты журналист Бабырбек Жээнбеков болду»

Ташболот БАЛТАБАЕВ: “Мелис Эшимкановдон кийинки мыкты журналист Бабырбек Жээнбеков болду»
Эсен болуп, эстей жүр!
Кечээ, 30-сентябрда Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттерге устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек Жээнбеков «Империалда» «Устат баскан улуу жол» аталышта эскерилди.
Кечээ, бүгүнкү жарык көргөн гезиттерге Бабырбек Субанович тууралуу эскерүүлөр жарыяланды. Андагы эскерүүлөрдү четинен берип баштайбыз. Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Ташболот Балтабаев мындай деп эскерет.

Ташболот БАЛТАБАЕВ: “Бакиевдин режимине каршы күрөшүүдө чоң салымын кошкон»

-Бакиевдин заманында Бабырбек Жээнбеков менен оппозициялык күч болдук. Күрөштүк. Кечээги жана бүгүнкү мамлекеттин жетекчилери менен ошол кезде оппозиция болуп, чоң биригүүлөргө барып жүрдүк. Ошол кезде Бабырбек оппозициянын үнүн, көз карашын ачык чагылдырып, элдин калың катмарына жеткирип, оппозицияга таяныч болду. Оппозициялык күчтөр ар түрүү болсо да, бирөөнүн кулу болгон жок. Тагыраагы, оппозициялык лидерлердин ортосунда нейтралдуулукту сактады. Өз линиясында иш алып барды. Оппозицияда дагы калыстыгынан тайган жок. Профессионалдуулугун көрсөттү. Менин эсимде Бабырбек белдүү, коркпогон журналист катары калды.

Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхында Мелис Эшимкановдон кийинки мыкты журналист Бабырбек Жээнбеков болду. Кыскасы, Бабырбек Жээнбековдун гезитин чыгарбайбыз, элге оппозициянын үнүн угузбайбыз деген бийликтин соккусуна да кабылды. Эптеп бир шылтоо таап, аны доого жыгып, камоонун да аракетин көрүштү. ООруканага жатып калып, операцияга муктаж экенин билишкенде гана бийлик ал оюнан кайтты. Чынында ал мезгилдеги заман менен азыркы заманды салыштырып болбойт. Ал кезде чыны менен оппозициялык гезитте иштеш оор эле. Бийлик криминалдар аркылуу журналисттерге чейин коркутуп, үркүтүп турчу.

Кыскасы, ошол кыйынчылыктын баарын, куугунтуктун, басым, кысымдын баарын Бабырбек Жээнбеков көтөрүп, элдин көзүн ачууга чоң салым кошту. Кесипкөйлүгүн көрсөттү. Күрөштөн чарчаган жок. Бийлик тараптан келген чсоккуларга жетиштүү жооп берип. бир гезитин жапса, экинчисин чыгарып турду. Айтмакчы, менин каттатып койгон “Ачык саясат” деген гезитимди дагы Бабырбек иштетип, Бакиевдин режимине каршы күрөшүүдө чоң салымын кошту.

«Азия ньюс» гезити,

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.