Турат МАДЫЛБЕКОВ: «Бабырбек байке 3 гезитти чыгарып, кыйын кезде оппозицияга чоң күч берген»

Турат МАДЫЛБЕКОВ: «Бабырбек байке 3 гезитти чыгарып, кыйын кезде оппозицияга чоң күч берген»
Эсен болуп, эстей жүр!
Кечээ, 30-сентябрда Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттерге устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек Жээнбеков «Империалда» «Устат баскан улуу жол» аталышта эскерилди.
Кечээ, бүгүнкү жарык көргөн гезиттерге Бабырбек Субанович тууралуу эскерүүлөр жарыяланды. Андагы эскерүүлөрдү четинен берип баштайбыз. Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Турат Мадылбеков мындай деп эскериптир.

Турат МАДЫЛБЕКОВ: «Адилеттүүлүктү жогору койгон адамды баалашкан жок»

— Мен Бабырбек байке менен 15 жылдай санаалаш болдум. Жакшы мамилебиз достукка айланды. Бабырбек байке менден улуу болсо да, теңтуштай сүйлөшчүбүз. Жолдошчулукка да бекем болуп, тамашаны да жакшы көтөрчү. Ичинде кири жок, жүрөгү таза адам эле. Башкалардай куйтуңдабаган, өз кызыкчылыгы үчүн бирөөнүн башын аттабаган принципиалдуу адам болчу. Мен ушундай асыл адам менен дос болгонума сыймыктанам. Биз көп учурда мыйзамдардын кем-карчын сөз кылчубуз. Бабырбек байке мыйзамды семичкедей чакчу.

Биз көп жыл Бакиевдин режимине каршы күрөштүк. Ал өтө билимдүү, практикалык да, юридикалык жактан тажрыйбасы мол такшалган юрист болгондуктан, көп жардам берди. Соттун да, тергөөчүнүн да катачылыгын бетке айтчу. Көп учурда сот өз кызыкчылыгына жараша чечим чыгарып койду же болбосо тергөө жетишсиз экенине маани берилген жок деп кейип калчу. Адилетсиздик болгон жерде чындыктын таламын талашчу, күрөшүүдөн талыкчу эмес. Фактыга таянчу.

Диплому жок журналист эле. 3 гезитти катарынан чыгарып, кыйын кезде оппозицияга чоң күч берди. Калеми да курч эле. Көйгөйлүү маселелерди жалпы коомчулукка шурудай тизип чыгарып турчу. Кыргызстаныбыз өнүксө, экономикабыз өссө деген кыялдары бар эле. Революциядан кийин чоң кызматтарда бергенде Бабырбек байке мамлекет үчүн жакшы иштемек. Мамлекет үчүн жакшы иштерди жасамак. Тилекке каршы, анын орду башка бирөөгө керек болуп калып, жакшынакай иштеп жаткан жеринен кызматтан алып коюшту. Элим, жерим деген, мамлекеттин кадырын билген, адилеттүүлүктү баарынан жогору койгон адамды баалашкан жок.

«Азия ньюс» гезити,

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.