Турсунбек АКУН: «Укук коргоочулар Бабырбек Жээнбековдун элесин түбөлүк эстерине сактайт»

Турсунбек АКУН: «Укук коргоочулар Бабырбек Жээнбековдун элесин түбөлүк эстерине сактайт»
Эсен болуп, эстей жүр!
Кечээ, 30-сентябрда Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттерге устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек Жээнбеков «Империалда» «Устат баскан улуу жол» аталышта эскерилди.
Кечээ, бүгүнкү жарык көргөн гезиттерге Бабырбек Субанович тууралуу эскерүүлөр жарыяланды. Андагы эскерүүлөрдү четинен берип баштайбыз.

 «Бир канча гезитти чыгарып, үй-бүлөлүк режимге каршы күрөштү»

Укук коргоочу Турсунбек Акун мындай деп эскерет:

— Биринчи жолу Бабырбек байкени Жогорку соттон көргөм. Равшан Жээнбековдун атасы экенин укканымда чекчейген киши экен, Равшандай эле көрүнөт экен деп таңгалгам. Күчтүү юрист эле эмес, укук коргоочу эле. Мыкты адвокат болчу. Эки сотту утуп алганына күбө болгом. Журналист катары да күчтүү болчу. Бир эмес, бир канча гезитти чыгарып, үй-бүлөлүк режимге каршы күрөштү. Мен билгени Бабырбек байке балдарына татыктуу билим берген. Жакшы тарбия берген камкор ата эле. Анан өтө жөнөкөй адам эле. Качан барба редакциянын алдында жардам сурап келгендерге кеңешин берип, абалдан чыгуунун жолун көрсөтүп берчү. Бул кишинин ишмердүүлүгү Антимонополиялык кызматы жетектеп турганда башталды. Бааларды кармап туруу боюнча катуу аракеттерди көрдү. Ал мамлекеттик кызматта турса да, кара кылды как жарган калыстыгынан тайган жок. Саясатты да жакшы түшүнгөн үчүн премьерге баш ийбей, элдин талабын талашып жатып кызматтан кетти.

Акыры асылган оору алып тынды. Кыргыз коомчулугу да укук коргоочулар бул кишинин элесин түбөлүк эстерине сактайт.

«Азия ньюс» гезити,

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.