Экс-депутат Максат Касенов 30-октябрга чейин камалды

Экс-депутат Максат Касенов 30-октябрга чейин камалды

Караколдогу шаардык кеңештин мурдагы депутаты Максат Касеновдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук соту каралып, 30-октябрга чейин камакка алынды. Маалыматка караганда, ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50 тергөө абагында болот.

Эске сала кетсек, М.Касенов «киши өлтүрүүгө аракет кылган» деген шек менен 1-октябрда Каракол шаарынан кармалып, Бишкекке жеткирилген. 2-октябрда кечке жуук Биринчи май райондук сотуна алып келинген. Караколдогу үйүндө тинтүү жүрүп, «Сайга» үлгүсүндөгү мылтык жана башка куралдар табылганын милиция маалымдаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.