Ошентип Кыргызстан бардык коңшулардан электр энергиясын алмай болду…

Ошентип Кыргызстан бардык коңшулардан электр энергиясын алмай болду…

Кыргызстан Орусия жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн электр кубатын алат. Кайра кайтаруу келишими менен Казакстандан — 900 млн кВт/ саат. Ушундай эле келишим менен Өзбекстандан — 750 млн кВт/саат. Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан 501 млн кВт/саат сатып алат. Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатат.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттер үчүн өткөн жыйында 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди.

“ Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, «электр энергия керек болсо берели» деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар«, — деди Бекмурзаев. Ошондой эле ал Тажикстан электр энергияны кандай шартта бере турганы сүйлөшүү учурунда белгилүү болорун кошумчалады. Ошентип, Кыргызстан бардык коңшулардан электр энергиясын алмай болду.

Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи — азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. Мындан сырткары алты гидроэлектро станциясы жана эки ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Бишкекте жана Ошто бар. Кыргыз бийлиги «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадына төрт ГЭС куруу тууралуу айтып келгени менен так даана макулдашкан долбоору жок.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.