Экинчи жолу дүйнө чемпиону болгон Айсулууну, күмүш тагынган Эрназарды куттуктайбыз!

Экинчи жолу дүйнө чемпиону болгон Айсулууну, күмүш тагынган Эрназарды куттуктайбыз!

 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси, Олимп оюндарында күмүш медалын тагынган (Токио-2020) Азиянын төрт жолку чемпиону, 28 жаштагы  Айсулуу Тыныбекова Норвегиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынып, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду. Буга чейин ал япониялык Нонока Озаки менен беттешип, 6:4 эсебинде жеңип алган.

Ал эми  Эрназар Акматалиев балбан жигитибиз күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыяланды. Алардын маалыматына таянсак, 5-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта күрөшкөн Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиевге 1:2 эсебинде жеңилген. Буга чейин ал 4-октябрда төрт беттеш өткөргөн.

Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген. Чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахини 8:8 эсебинде, жарым финалда орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңип алган.

Эрназар Акматалиев тууралуу учкай маалымат бере кетсек, ал 23 жашта. Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.). Анын атаандашы Магомедмурад Гаджиев 33 жашта. Буга чейин Дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелерин алган. Эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык спортчу. Буга чейин эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кенжебек Өмүралиев (68 кг. Стамбул, 1994-ж.), Базар Базаргуруев (60 кг. Стамбул, 2007-ж.), Алексей Крупняков ( 96 кг. Будапешт, 2005-ж.) дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын уткан.

Белгилей кетсек, Норвегиянын Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашы өтүп жатат. Таймаш 2-октябрда башталган, 10-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан 15 балбан кетип, мелдешке катышууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.