«Кыргызстан улуттук электр тармактары»: «Жарыкты үнөмдөгүлө!»

«Кыргызстан улуттук электр тармактары»: «Жарыкты үнөмдөгүлө!»

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААК кечээ, 6-октябрда республика боюнча электр кубатын пайдалануу көбөйгөнүн билдирип, жарандарды жарыкты үнөмдөөгө чакырды.

Алардын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-октябрда өлкөдө электр кубатын пайдалануу суткасына 40 млн кВт/саатты түзгөн. Өкмөт бекиткен лимит — болжол менен 32,5 млн кВт/саат. Сентябрда 890 млн 374 миң кВт/саат электр кубаты пайдаланылган. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине караганда 34 млн 351 миң кВт/саатка көп. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам «Кыргызстан улуттук электр тармактары» жарандарды электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга үндөдү.

3-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 12,3 млрд. кубометр суу топтолду. Өткөн жылы (2020-жыл) 1-октябрга карата өлкөнүн негизги суу сактагычында 15,2 млрд. куб суу топтолгон. Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда өкмөт Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.