Ректор Ибрагим Жунусовго ЖаМУнун Ардактуу профессорунун мантиясын жана дипломун тапшырды

Ректор Ибрагим Жунусовго ЖаМУнун Ардактуу профессорунун мантиясын жана дипломун тапшырды

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, Кыргыз эл артисти Ибрагим Жунусовдун 60 жылдык мааракеси кечээ, 7-октябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде белгиленди. Иш-чарага Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ЖаМУнун ректору Кеңешбек Үсөнов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.

Куттуктоо сөздөрдө, И.Жунусовдун ЖаГУдагы педагогикалык ишмердүүлүгүн, маданияттын жана искусствонун өнүгүшүнө кошкон жогорку салымын, дипломатиялык иштердеги жетишкендиктери айтылды. Ошондой эле Түркия, Өзбекстан менен кызматташтыгын чыңдоодогу жемиштүү ишин баса белгилеп, келечектеги ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалашты.

Каалоо, алкоого элчи ыраазычылык билдирип, ЖаМУнун студенттеринин чыгармачылыкка жана дипломатиялык ишмердүүлүккө байланышкан суроолоруна жооп берди. Аягында ЖаСУнун ректору элчиге ЖаМУнун Ардактуу профессорунун мантиясын жана дипломун тапшырды.

Элчиликтин басма сөз кызматы

Ибрагим Жунусовдун баскан жолу

Жунусов Ибрагим Кожоназарович 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетиндеги музыка факультетин 1983-жылы бүтүргөн. Бактысын ырдан тапкан. 200дөн ашык ырдын автору. Ырларынын көбү популярдуу. 90-жылдары “Эламан” аттуу ыры Өзбекстан жана Казакстанда өзгөчө популярдуу болуп, Эламан (өзүнүн уулунун аты да ушундай) деген ысымдуу балдардын саны көбөйгөн. «Алтын апа» аттуу ыры Кыргызстандын бардык аймагында, коңшу мамлекеттерде ырдалган. Борбор Азиянын жана Индиянын эл аралык фестивалдарына катышкан. Түркияда, Германияда, Голландияда жеке концертин берген.

Эмгек жолу Жалал-Абад педагогикалык окуу жайдын окутуучусунан башталган. Андан кийин Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин доценти, окутуучу, Искусство факультетинин деканы, Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору болгон. Саясатка  2007 —жылы аралашкан. Ошол жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына депутат болуп, Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетин жетектеген.  2010-жылы Мамлекеттик маданият агенттигинин директору болгон. Ошол эле жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп, кийин Социалдык маселелер боюнча КР вице-премьер-министри болуп бир жыл иштеген. 2011-жылдан 2013-жылга чейин Маданият жана туризм министри болгон. 2014-жылы Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон. Учурда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси. Кыргыз, орус, түрк, өзбек тилдерин билет. Үй-бүлөлүү.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Атактуу инсандардын куттуктоолору…

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.