ВИДЕО — Эки алтын, бир коло тагынган балбан кыздарыбыз: Айсулуу, Мээрим, Айпери

ВИДЕО — Эки алтын, бир коло тагынган балбан кыздарыбыз: Айсулуу, Мээрим, Айпери
Норвегиянын Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашы өтүп жатат. Таймаш 2-октябрда башталган, 10-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан 15 балбан кетип, мелдешке катышууда.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси, Олимп оюндарында күмүш медалын тагынган (Токио-2020) Азиянын төрт жолку чемпиону, 28 жаштагы  Айсулуу Тыныбекова Норвегиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынып, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
Ал бүгүн, 8-октябрда «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды:
Урматтуу достор!
Ушуну менен кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги #WrestleOslo биз үчүн аяктады. Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик. Бул жеңиштерге жетүүдө эң маанилүү ролду ойногон жалпы машыктыруучуларыбызга жана командабызга терең ыраазычылык билдирем. 
Кыргызстандыктар мындан да көп медалдарга татыктуу! Алдыда дагы жеңиштерди алып келүү үчүн машыгууларды улантабыз.
Жалпы күйөрмандарга колдооңуздар үчүн таазим кылам!

Мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен Жуманазарова

Кечээ, 7-октябрда финалга чыккан Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияжини менен беттешке чыгып, аны 1-айлампада эле далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алып, күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын утуп алган экинчи спортчусу болуп Кыргызстандын тарых барактарына жазылып калды.

Ал эми Айпери Медет кызы коло медаль тагынды. Ал 6-октябрда украиналык Анастасия Шустова менен беттешип, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке ээ болгон.
Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.