Балбан Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль утуп алды

Балбан Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль утуп алды

Осло шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн балбан жигитибиз Жоламан Шаршенбеков күмүш байгесин утуп алды.

Белгилей кетсек, бүгүн9-октябрда үч балбан кызыбыз: Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы эки алтын, бир коло медаль менен Кыргызстанг кайтып келишти. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан туугандары менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев тосуп алышты. Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймашы өтүудө. Эртең, 10-октябрда жыйынтыкталат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.