МАЕК — Захида АБДИЕВА: «Балбан кыздарыбызды тосуп алуудагы мамиле кайдыгерликпи, же..?

МАЕК — Захида АБДИЕВА: «Балбан кыздарыбызды тосуп алуудагы мамиле кайдыгерликпи, же..?

Норвегиянын Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашы өтүп, ага биздин үч балбан кызыбыз: Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы барып катышып, эки алтын, бир коло медаль менен Кыргызстанга бүгүн, 9-октябрда кайтып келишти. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан туугандары менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев тосуп алды.

Балбан кыздарыбыздын бири — Мээрим Жуманазарованын эжеси Захида АБДИЕВА (Нур Захи) менен маектештик. 

— Захида айым, маекти Мээрим Жуманазаровага тууганчылык жагыңардан баштасак…

— Мен алгач биздин мыкты балбан кыздарыбыздын эмгегинен баштасам, Айсулуу, Мээрим, Айпери Токиодогу XXXII Жайкы Олимпиадага катышып, жеңиш менен келгенден кийин да чалкалап жатып алышпай, талыкпай машыгып, эки ай аралыгында кайра эле Норвегия мамлекетинин Осло шаарындагы чемпионатка катышууга учуп кетишти. Ал жерден чоң жетишкендиктерди багындырып, эки алтын, бир коло медаль менен Кыргызстанга кайтып келишти. Айсулуу менен Мээримдин алтын медаль алышы менен дүйнө чемпионатында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 5-орунга чыкты. Муну менен биздин кыздар спортто мамлекетибиздин орду бар экенин дүйнөгө далилдешти. Мен алтындай болгон сиңдилеримди сыйлыгы менен куттуктайм! Сыйлык – силердики, сыймык – биздики.

Эми Мээрим менен тууганчылык жагына келсем, Мээримдин чоң атасы менен менин атам бир тууган ага-ини. Ата-энемдин бул дүйнөдөн өтүп кеткенине бир топ жыл болуп калды. Куран окугандан башка аргам да, айлам да жок. 9 бир туугандын жетинчисимин. Бактылуу Энемин, 6 баланын мээримдүү Апасымын. Эки кесиптин ээсимин: юрист, экономист. Юрист болуп иштеген жокмун.  Ал эми бухгалтер-экономист болуп банкта көп жыл эмгектендим. Айылга турмушка чыгып, колхоздо башкы бухгалтер болуп иштедим. Учурда жеке бизнес менен алектенүүдөмүн.

Мектепте окуп жүргөндө мен дагы күрөшкө кызыкчумун. Студент кезде катышып жүрүп, акырегимди сындырып алып, күрөштөн чыгып кеткем. Волейболго кызыгам. Спортко кызыгуума Дүйшөн акем (Мээримдин атасы) түрткү болгон. Себеби, агам айылда көптөгөн спортсмендердин машыктыруучусу. Мээрим, Сезим, Айпери менен көз алдымда чоңоюшту. Кыздарын ушундай даражага жеткирген акем менен сыймыктанам. Ал айылда абройлуу, кадыр-барктуу инсан, мыкты ата, мыкты жар, жер иштетүү боюнча да мыкты адис. Кыскасы, кылган иштери баары мактоого, алкоого татырлык.

— Мээрим, Сезим, Айперинин мүнөздөрүнө токтолсоңуз…

— Мээримдин боорукерлигин, жароокерлигин көрдүңөр, атаандашын жөлөп-таяп, тургузуп, мээримин чачты.

Мен мектепти аяктап жатканда баары кичинекей кыздар эле. Мээрим азыр кандай болсо, ошол эле бойдон жаркылдак. Жылмайып эле жүрө берчү… Баарына күлүп гана жооп берип, баарын күлүп жеңчү. Айперинин атасы Медет акем болсо, менин бир тууган байкемдин классташы. Ал убагында кыргыз күрөшү менен машыгып, бир топ турнирлерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Атасынын жолун Айпери жолдободубу… Айперинин мүнөзү да жакшы. Оор  басырыктуу, токтоо, сабырдуу, ары табышмактуу, ары сырдуу кыз. Алтындай болгон сиңдилерим спортко кичинесинен кызыгып, аны чын дилинен сүйгөндүктөн, көп эмгек кылгандыктан ушундай даражага жетишти да! Айперинин ийгилиги али алдыда.

— Кыздарыбызды «Манас» аэропортунан тосуп алуу начар уюштурулуп калганына көпчүлүк нааразы болууда? Сизчи?

— Эми тосуп алуу боюнча оюмду айтсам, начар уюштурулганын жазгандарды колдойм. Себеби, калк айтса калп айтпайт. «Эл тараза – эл сынчы» дегендей, эл баарын көрүп-билип, бийликтин кемчилиги болсо сындап, жыйынтык чыгарат. Бул эми кайдыгерликпи, же башкабы, анысын так билбейт экем. Бирок, мындай болбош керек болчу! Кыздарыбызды тосуп алуу жагын жогорку деңгээлде жасасак жакшы болмок.  Бийликтегилер тосуп алууну бир уюмгабы же министрликке катуу тапшырса жакшы болмок.

Кандай болгон күндө да алтындай болгон кыздарыбыз Манас Атанын урпактары экенин далилдешти. Тарых барактарына аттары алтын тамга менен жазылып калды. Кудай буйруса, алардын ийгиликтери дагы алдыда.

— Кудайга ишенимиңиз, динге мамилеңиз кандай?

— Мен динге каршылыгым жок, диний караңгылыкка каршымын. Дин мен үчүн кийимде эмес, сакалда эмес, ар бир адамдын абийиринде, намысында, ыйманында, жүрөгүндө. Бул сөздү мен Өзүбек ажы Чотонов агабыздын айтканына жооп кылгам. Бул адамдын сиңдилерим тууралуу жазган жаман сөзүнө көп эле сөз жазмакмын, бирок, сабыр кылдым. Жаман сөз менен алдыга эч ким жылбайт. Дин боюнча мен ушул убакка чейин жазчу эмесмин, айтчу да эмесмин. Болгону бу жерден кыздарыбыз атаандашын жеңүү үчүн спортко ылайыктуу формасын (кийимин) кийиш керектигим айткым келди.

Биз демократия мамлекетибиз. Андыктан мен ар бир адамдын эркиндигин, тандоосун сыйлайм. Ар бир адам өзү тандап алган жол менен кете берсе деген гана тилекти айткым келди. Мисалы, мен саясаттын ичине аралашкым келбейт. Бирок, анда-санда аралашууга революция түрткү болду. 2005-жылы, андагы ажо Аскар Акаев качып кеткенде катуу ооруп калгам. Ошондон бери анда-санда саясатка аралашып оюмду жазып коем, анда дагы тамаша менен депутаттарды чымчылап коем. Мына дагы алдыда парламенттик шайлоо турат. Депутаттыкка баягылар эле тырмышып жаткандай…

Кыргызстандын келечегин ойлосок, баягы коррупционерлерди шайлабайлы, ойлонолу, ойгонолу, кыргызым! Бу жолу коррупционерлерге жол ачып берсек, анда келечек да, тарых да бизди кечирбейт!

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.