ВИДЕО — Өзүбек ажыга Мээрим Жуманазарованын эжесинин жообу…

ВИДЕО — Өзүбек ажыга Мээрим Жуманазарованын эжесинин жообу…

Норвегиянын Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашы өтүп, ага биздин үч балбан кызыбыз — Айсулуу Тыныбекова (алтын медаль), Мээрим Жуманазарова (алтын медаль), Айпери Медет кызы (коло медаль) барып катышып, эки алтын, бир коло медаль менен Кыргызстанга бүгүн, 9-октябрда, кайтып келишти.

Өзүбек ажы ЧОТОНОВ: «Жарым жылаңач чыгып окорочкасы менен фигурасын бүт дүйнө көрүп жатат»

Кубанган кыргызстандыктар спортто тарых жараткан балбан кыздарыбыздын сүрөттөрүн социалдык тармактарга таратып, сыймыктанып, сыйлыгы менен куттуктап жазышты. Өзүбек ажы Чотонов мындай комментарий калтырды: «Жарым жылаңач чыгып окорочкасы менен фигурасын бүт дүйнө көрүп жатат! Бул болбойт да. Бир медаль берем десе эле көргөзө бериш керекпи? Медаль алдым деп коёлу, бул силердин электр жана газ үчүн төлөмдөрүңөрдү азайтабы? Айлыгыңыз көтөрүлөбү, жол асфальтталабы же адеп -ахлагыңыз көтөрүлөбү? Мисалы, кыргыздар үчүн мен көп балалуу болуп, талыкпай эмгектендим, адеп -ахлакка чоң салым коштум»

Мээрим Жуманазарованын эжеси Нурзахи: «Ыйман кийимде эмес, сакалда эмес, жүрөктө» деп гана сылык жооп жазды.

Мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен Жуманазарова

Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияжини менен 7-октябрда беттешип, аны 1-айлампада эле далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Коло медаль тагынган Айпери Медет кызы 6-октябрда украиналык Анастасия Шустова менен беттешип, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке ээ болсо, Айсулуу Тыныбекова кызыбыз  экинчи жолу дүйнө чемпиону болду. Балбан кыздарыбыздын алтын алышы менен Кыргызстан дүйнө чемпионатында медалдардын саны боюнча 5-орунга чыкты.

Бүгүн беттеше турган балбандар

Белгилей кетсек, Осло шаарындагы таймаш 2-октябрда башталган. Кыргызстан курама командасынан 15 балбан барып катышып, 3 кызыбыз машыктыруучулары Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев, Чынарбек Изабеков менен бүгүн Бишкекке келишти.
Ал эми балбан жигиттерди айта турган болсок, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медаль алды. Грек-рим күрөшү боюнча финалга чыккан Жоламан Шаршенбеков бүгүн кечинде алтын медаль үчүн күч сынашат. Ошондой эле Калы Сулайманов, Кенсуке Шимицу,  Марлен Асикеев бүгүн дүйнө чемпионатында килемге чыгышат. Балбан балбарыбызга ийгилик каалайбыз!
Таймаш эртең 10-октябрда жыйынтыкталат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Мээрим Жуманазарованын эжеси Нурзахи менен болгон кенен маекти кечинде окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.